Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШлык адистер: Америка Россияга каршы күрөшүндө Европага үмүт артпашы керек

© AFP / JOHN THYSКиши Евробиримдиктин желегинин жанына АКШнын желегин илип жатат. Архив
Киши Евробиримдиктин желегинин жанына АКШнын желегин илип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Жазылуу
Европада коомчулуктун нааразычылыгы жана толкундоолор дагы күчөй турганы болжолдонууда.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. АКШ Россияга мындан ары дагы каршы туруу үчүн европалык өнөктөштөрүнө үмүт артууда. Бирок бул абал тынымсыз улана бере албастыгын эл аралык мамилелер боюнча адис Майкл Гфеллер менен АКШнын Сауд Аравиядагы мурдагы элчиси Дэвид Ранделлдин америкалык Newsweek жумалыгына жазган макаласына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Себептердин тизмесине авторлор Россияга каршы санкциялардан улам Европада электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү менен жалпы эле экономикалык каатчылыкты кошту.
Бул факторлордон улам Европанын бир катар өлкөлөрүндө бийликтин жогорку эшелондорундагы аткаминерлер отставкага кеткен учурлар болду. Мындан тышкары, иш таштоо толкуну каптап кетти. Коомчулуктун нааразычылыгы жана толкундоолор дагы күчөйт деп болжолдонууда.
"Европалык лидерлер алдыда эмне болорун сезип турушат. Андыктан Венгриянын президенти Виктор Орбан Россияга каршы санкцияларды айыптап чыгып, анын пикирине Еврокомиссиянын вице-президенти Франс Тиммерманс дагы кошулду. Алар быйылкы кышта энергиянын жетишсиздигинен Европаны "кагылышуулар жана чыр-чатактар күтүп жатканын" эскертишти", — дешти авторлор.
Буга чейин америкалык дипломат Час Фриман АКШ дүйнөдө гегемонияны сактап калуу үчүн Украинада Россия менен дээрлик согуш жүргүзүп жатканын белгилеген.
Эске салсак, 24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция жүргүзүп жатат. Президент Владимир Путиндин айтымында, операциянын максаты — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.
Хакердик чабуул. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2022
РФ ТИМи: АКШ Россияга чабуул жасоо үчүн Украинанын IT-армиясын түзгөнүн моюндады
Жаңылыктар түрмөгү
0