Тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал. ӨКМдин шашылыш билдирүүсү

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери сел учурунда Ыссык-Көлдө
ӨКМ кызматкерлери сел учурунда Ыссык-Көлдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Жазылуу
Кээ бир жерлерде өткүн өтсө, айрым аймактарга нөшөрлөп жамгыр жаайт.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. 2-4-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 4-августка чейин айрым жерлерде жамгыр нөшөрлөп жаашы күтүлүүдө. Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал.
Ордо калаада жаан-чачын болбойт.
Боомдогу жол тыгыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Ысык-Көлгө кеткен жолдогу тыгын. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0