3-августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр тамчылары. Архив
Жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Жазылуу
Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталат.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Шаршембиде өлкө аймагында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Талас жергесинде +26...+31, Ысык-Көл чөлкөмүндө +23...+28 жана Нарында +24...+29 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +34...+36 жана Чолпон-Ата шаарында +24...+26 градуска жетет.
Бишкектеги ремонттон кийин ачлыган көчө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Бишкекте оңдолуп жаткан төрт көчө ачылды. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0