https://sputnik.kg/20220720/rossiya-buu-mirotvorec-sajt-zhabyluu-1066198854.html
Россия БУУдан "Миротворец" сайтынын жабылышына салым кошуусун суранды
Россия БУУдан "Миротворец" сайтынын жабылышына салым кошуусун суранды
Sputnik Кыргызстан
"Миротворец" сайтынын ээлеринин аракеттерин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да сынга алып, "журналисттерди репрессия кылууга... 20.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-20T10:25+0600
2022-07-20T10:25+0600
2022-07-20T10:32+0600
россия
украина
сайт
дүйнөдө
саясат
https://sputnik.kg/img/07e6/03/02/1062537608_0:320:3073:2048_1920x0_80_0_0_e94fef3a2eebc099ca193dcc1cbc3aca.jpg
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Россия БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштен чуулуу "Миротворец" сайтынын жабылышына салым кошуусун суранды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Катта чоңдор гана эмес, балдар жана өспүрүмдөр дагы долбоордун курмандыгы болуп жатканы айтылды. Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Россия бул маселе боюнча ЮНИСЕФтин мурдагы башчысы Генриетта Форго эки ирет, 2021-жылдын 18-октябрында жана 2022-жылдын 4-январында кайрылганын эске салды.Фаина Савенкова аттуу окуучу кыз 2021-жылдын октябрында "Миротворец" долбоорунун "кара тизмесине" Украинанын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган адам катары киргизилген. Ал болгону БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө "Донбасстын балдары бактылуу балалыкка укугу бар" экенин айтып, видеокайрылуу жолдогон."Кара тизмеге" кирген соң окуучу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке жашы жете электердин жеке маалыматтары тез арада аталган сайттан өчүрүлүп, ресурстун өзүнө бөгөт коюлушуна таасир этүүсүн суранып кат жолдогон.Сайт ушул сыяктуу жеке тараптар тууралуу, анын ичинде ДЭР жана ЛЭРде иштөөгө каттоодон өткөн журналисттердин тизмесин дагы жарыялап келет."Миротворец" сайтынын ээлеринин аракеттерин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да сынга алып, "журналисттерди репрессия кылууга түз чакырык" катары баалады. Сайттын маалымат базасында Россиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандары тууралуу маалыматтар бар.
https://sputnik.kg/20220719/medvedev-aksh-ukraina-kural-1066192610.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/02/1062537608_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_d88c8b668c34d58c776ed85ef7fe7825.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, украина, сайт, дүйнөдө, саясат
россия, украина, сайт, дүйнөдө, саясат
Россия БУУдан "Миротворец" сайтынын жабылышына салым кошуусун суранды
10:25 20.07.2022 (Жаңыртылды: 10:32 20.07.2022) "Миротворец" сайтынын ээлеринин аракеттерин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да сынга алып, "журналисттерди репрессия кылууга түз чакырык" катары баалады.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Россия БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштен чуулуу "Миротворец" сайтынын жабылышына салым кошуусун суранды. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Миротворец" долбоорунун кылмыштуу аракеттерине Украина бийлигинин көңүлүн бурдуруп жана аны жабууга кол кабыш кылышыңызды суранабыз", — деп айтылат кайрылууда.
Катта чоңдор гана эмес, балдар жана өспүрүмдөр дагы долбоордун курмандыгы болуп жатканы айтылды. Россиянын БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Россия бул маселе боюнча ЮНИСЕФтин мурдагы башчысы Генриетта Форго эки ирет, 2021-жылдын 18-октябрында жана 2022-жылдын 4-январында кайрылганын эске салды.
"Тилекке каршы, ЮНИСЕФтин аралашуусу формалдуу гана түрдө болуп, балдардын коопсуздугуна коркунуч туудурган бул кырдаалды өзгөрткөн жок окшойт", — деп айтылат текстте.
Фаина Савенкова аттуу окуучу кыз 2021-жылдын октябрында "Миротворец" долбоорунун "кара тизмесине" Украинанын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган адам катары киргизилген. Ал болгону БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө "Донбасстын балдары бактылуу балалыкка укугу бар" экенин айтып, видеокайрылуу жолдогон.
"Кара тизмеге" кирген соң окуучу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке жашы жете электердин жеке маалыматтары тез арада аталган сайттан өчүрүлүп, ресурстун өзүнө бөгөт коюлушуна таасир этүүсүн суранып кат жолдогон.
Сайт ушул сыяктуу жеке тараптар тууралуу, анын ичинде ДЭР жана ЛЭРде иштөөгө каттоодон өткөн журналисттердин тизмесин дагы жарыялап келет.
"Миротворец" сайтынын ээлеринин аракеттерин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова да сынга алып, "журналисттерди репрессия кылууга түз чакырык" катары баалады. Сайттын маалымат базасында Россиянын жана башка өлкөлөрдүн жарандары тууралуу маалыматтар бар.