21-июлга карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүДарак бутактарында жамгыр. Архив
Дарак бутактарында жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Жазылуу
Кыргызстан боюнча ысык адаттагыдай эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында болору айтылды.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бейшембиде Кыргызстандын бир катар аймактарында ысык +41 градуска жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +35...+40, Талас жергесинде +33...+38, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36...+41, Ысык-Көлдө +27...+32, Нарын аймагында +31...+36 градус болот.
Термометр Бишкекте +37...+39, Ош калаасында +39...+41, ал эми Чолпон Атада +30...+32 градусту көрсөтөт.
Куруучулар иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Катуу ысыкта жумуш күнүн кантип кыскартса болот? Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0