00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Вода, переработка и экспорт — замминистра о трёх главных задачах кыргызского агросектора
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
09:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что могут сделать омбудсмены России и Кыргызстана если нарушены ваши права
10:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жаш таңдай – 2026” айтышы. Жаштардын төкмөлүк өнөргө кызыгуусу кандай деңгээлде?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
RU ID для въезда в РФ: кому и зачем нужно регистрироваться?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батыштан Чыгышка. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн Борбор Азия эмнеси менен кызык?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Манас" аэропортун өнөктөштүк негизинде модернизациялоого конкурс жарыяланат

© Фото / Угрюмова Наталья"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Жазылуу
Болотов мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менчиктештирүү эмес экенин эске салды.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Быйыл "Манас" эл аралык аэропортун модернизациялоого конкурс өткөрүп, макулдашууга кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун директору Санжарбек Болотов билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "2022-жылы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде кандай долбоорлор ишке ашырылат" аттуу брифингге катышты.
Анын айтымында, азыр техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып бүттү. Июнь айында Германия, Корея, Индия, Аргентина, Россия, Түркия жана Франциянын компанияларынын катышуусунда инвесторлордун конференциясы өткөрүлгөн.
"Конференциядан кийин бизге бир катар компаниялар кайрылып, долбоорго аябай кызыгышты. Учурда конкурс жарыялоо боюнча жетекчилик менен консультация соңуна чыгып калды. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк — менчиктештирүү эмес. Бул убактылуу мамиле, жыйынтыгында жаңыланган жана жакшыртылган аэропорт бизде калат. Кийинчерээк башка аэропорттор боюнча да долбоорлорду ишке ашырууга киришебиз", — деди Болотов.
Ошондой эле ал долбоор аба майдандын инфраструктурасын жакшыртуу менен гана тим болбостон, туристтик секторду колдоп, түз авиакаттамдарды ачууга, тейлөөнү жакшыртууга, мамлекеттин кирешесин көбөйтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
"Алдыдагы эки жылда аэробекет менен учуп-конуу тилкеси модернизацияланып, жаңы жүк терминалы, унаа токтотуучу жай, перрон салынат. Иштин жыйынтыгы кийинки жылы эле көрүнө баштайт. Себеби 1970-жылы курулуп, учурда толук реконструкциялоо талап кылынып жаткан учуп-конуу тилкесин кеңейтип, жаңыдан салуу биздин алгачкы тапшырмабыз", — деди борбордун директору.
Эске салсак, буга чейин өкмөт "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунун 50 пайыздык үлүшү түркиялык YDA INŞAAT компаниясына берилерин айткан. Компания эки жылдын ичинде 501 миллион долларга чейин инвестиция салып, аэропорттордун учуп-конуу тилкесин үчүнчү класстагы деңгээлге жеткирип, жаңы аэробекет жана жүк терминалын сала турганы белгиленген. Ал эми ЖК депутаты Жанар Акаев аба майдандардын анча белгилүү эмес компанияга берилгени жатканын сындап, мындай келишим улуттук кызыкчылыкка каршы келерин билдирген. Кийинчерээк бийлик бул идеядан баш тартты.
Ысык-Көл аэропортундагы курулуш иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2022
"Ысык-Көл" аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы ачылат
Жаңылыктар түрмөгү
0