Садыр Жапаров: эл бийликти "капсула эле саласыңар" деп сындап жатат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБала-Саруу ГЭСи салынып жаткан Киров суу сактагычы. Архив
Бала-Саруу ГЭСи салынып жаткан Киров суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Таластагы Киров суу сактагычына курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСине президент былтыр 29-августта капсула салган.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Эл "капсула эле саласыңар, качан лента кесесиңер?" деп сындап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Өлкө башчы энергетика министри Доскул Бекмурзаев жасаган иштери тууралуу отчёт бергенден кийин суроо узатты.
"Капсула эле саласыңар, лентасын качан кесесиңер" деген сындар болууда. Ошон үчүн так датасын айтып коюңузчу, Бала-Саруу ГЭСин качан куруп бүтөсүз?" — деди Жапаров.
Министр быйыл 22-декабрда биринчи агрегаты ишке кирерин, калган эки агрегаты 2023-жылдын 1-апрелинде бүтөрүн билдирди.
Таластагы Киров суу сактагычына курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСине президент былтыр 29-августта капсула салган. Анын кубаттуулугу 25 мегаватты, жалпы электр энергиясын өндүрүү кубаты 92 миллион кВт/саатты түзөт.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жапаров: "крыша болуу" деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0