Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сыдыков: жеке нотариустардын жоопкерчилиги күчөтүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЮстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков нотариат жаатында жаңы мыйзам кабыл алынып жатканын айтты.
Жеке нотариустар Кыргызстанда 1998-жылдан баштап лицензия ала баштаган. Бир жылдан кийин өлкө аймагында бир нечеси пайда болуп, ушул күнгө чейин иштеп жаткандарынын саны 397ге жетти. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сыдыков: жеке нотариустардын жоопкерчилиги күчөтүлөт
Анын айтымында, өлкөдө учурда 90 мамлекеттик нотариус бар.
"Республика боюнча жалпысынан 800гө жакын жеке нотариуска берилген лицензия катталган. Алардын жарымы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Эң көбү (174) борбор калаада иштесе, Ош шаары жана облус бириккенде 60тайы иш алып барат. Калгандары республиканын башка аймактарында. Мисалы, Талас облусунда болгону үч жеке нотариус калкка кызмат көрсөтөт. Биздин мамлекеттик жана жеке нотариустардын мүмкүнчүлүктөрүн теңдөөдөгү негизги максаттардын бири дагы ушул сан жагынан тең салмактуулукту сактоо болууда. Башкача айтканда, аймактарда жеке нотариустардын ачылышына шарт түзүү. Буга чейин нотариус аткарган жалпы 23 иш-аракети болсо, анын бешөөнү мамлекеттик гана нотариустар ишке ашыруу укугуна ээ болчу. Алар жаранга мурас укугун берүү боюнча күбөлүк тапшыруу, мураска кабыл алынган мүлктү кароого алуу, кыймылсыз мүлктү сатуу, колдонуу жана башка нерселерине тыюу салуу жана тыюуну алып салуу, ошондой эле майып адамдарга атайын кол тамга укугун берген — факсимиле жасап берүү. Эми жаңы мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бул аракеттерди жеке нотариустар да ишке ашыра алат", — деди Сыдыков.
Ал иштеп жаткан мыйзамга 50 пайыздан көп өзгөртүү сунушталганда мыйзам долбоорунун бул редакциясы жаңы болуп эсептелерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен биринчи окуудан өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0