Мектеп директорлорун тандоо сынагын ким кандай шартта өткөрөт? Түшүндүрмө

© Sputnik / Владимир ФедоренкоДокументтер менен аткаминер. Архив
Документтер менен аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Жазылуу
Конкурсту өткөрө турган комиссия түзүлбөйт, баары электрондук түрдө болот.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Мектеп директорлорун тандоо конкурсуна адамдык фактор аралашпайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, конкурсту өткөрө турган комиссия түзүлбөйт, министрликтин бир дагы кызматкери катышпайт. Баары электрондук түрдө болот. Биринчи этапта талапкер эч кимдин кийлигишүүсүз жеке өзү министрликтин сайтына конкурска катышуу ниетин билдирип табыштама жөнөтөт. Экинчи этапта тест тапшырат.
"Комиссия, анан ушул кишилер карасын" дегенде эле баары башталат. Аягында кандай иштер болуп кеткенин билбей калабыз. Мында Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору бир нече блоктон турган тесттерди түздү. Алар өзүнчө көз карандысыз машина десек болот. Тестте педагогика, башкаруучулук, психология жана санариптик технологияларды билген-билбегени текшерилет. Талапкер менен программанын ортосуна эч ким аралашпайт. Тесттен өтөрү менен жыйынтыгын биринчи өзү көрөт, андан кийин администратор келип кол койдуруп алат. Алган баллын адамдар эсептебейт, программа автоматтык түрдө чыгарат", — деди Жусупбекова.
Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова бир дагы тесттин жообу сатылбай турганын баса белгиледи.
"Тестте 60-80 суроо болот, андан өтүүгө 80 минута убакыт берүү каралууда. Коррупция, бир дагы адамдык фактор болбойт, бир дагы тест сатылбайт. Тестке кирчү код бизде сакталбайт, ал чет өлкөдө отурган адистерде болот. Ансыз биз тестке кире албайбыз. Тесттер бири-бирине окшобойт, ар бир талапкерге рандом аркылуу өзүнчө түзүлөт", — деди Шамшидинова.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов конкурс ачык өтөрүнө ишендирип, процесске байкоо салуу үчүн журналисттер чакырыларын, түз эфирден көрсөтүлө турганын белгиледи.
Сынак бир эле Бишкекте эмес, облустук борборлордо дагы өткөрүлөт.
Конкурсту август айында өткөрүү пландалууда, жаңы окуу жылына чейин 966 мектеп директору алмашат.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Министр Бейшеналиев канча мектеп директору иштен кете турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0