Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүКөчөдө отургучта отурган кыздар. Архив
Көчөдө отургучта отурган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Жазылуу
14-июлда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бейшембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Таласта +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +22…+27 градуска жогорулайт.
Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +34…+36, Чолпон-Атада +22…+24 градус болот.
Ысыкта бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Уролог ысыкта сууну аз ичүүнүн кесепетин айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0