НАТОнун Россияга карата эч кандай агрессивдүү ниети жок. Мамдеп билдирүүсү

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDНАТОнун эмблемасы. Архив
НАТОнун эмблемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Жазылуу
Альянс Мадридде өткөн саммитте 2030-жылга чейинки стратегиялык концепциясын кабыл алып, анда Россия коопсуздукка "түз коркунуч жараткан" мамлекет деп таанылган.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. АКШ Мамлекеттик департаменти Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин Москваны душман деп жарыялоо Европадагы коопсуздукка коркунуч келтирет деген билдирүүсүнөн кийин НАТОнун Россияга карата эч кандай агрессивдүү ниети жок экенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин альянс Мадридде өткөн саммитте 2030-жылга чейинки стратегиялык концепциясын кабыл алып, анда Россия коопсуздукка "түз коркунуч жараткан" мамлекет деп таанылган. РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев альянстын мындай чечими Европадагы абалды чыңалтып, Россия — НАТО актысына каршы келерин белгилеген.
"НАТО — кайсы бир өлкөгө кооптуулук жаратпай турган коргонуучу альянс. Россияга карата эч кандай агрессивдүү ниети жок", — деди департаменттин өкүлү Патрушевдин билдирүүсүнө комментарий берип жатып.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров буга чейин коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөр НАТО менен АКШнын Россиянын мыйзамдуу кызыкчылыгын, коопсуздугун эске алууга эч ниети жок экенин көрсөткөнүн билдирген. Жаңы концепцияда НАТОнун Россияга жакындап, чыгышка карай кеңейүү планынын алкагында Москва менен жаңжалдашуу ою жок экени, бирок аны ооздуктоо үчүн мүмкүнчүлүгүн жогорулата турганы айтылат.
БУУ Россия альянска кооптуулук жаратуучу катары таанылган концепцияга эч кандай пикир билдирген жок, бирок дүйнөдөгү абалды жөнгө салууга умтуларын белгилеген.
Ал эми Патрушев АКШ өзүнүн аскердик-саясий жана экономикалык үстөмдүгүн кармап туруу үчүн Россияны алсыздандырууга басым жасаганына токтолгон. Анын айтымында, АКШ жетекчилиги коопсуздук менен эл аралык укук системасынын глобалдуу архитектурасын кыйратууга багыт алган. Энергетикалык жана сырьёлук рынокту бөлүштүрүү аскердик-саясий чыңалууну шарттап, глобалдуу экономиканы жабыркатууда. Турукташып калган соода-экономикалык байланышты жана логистиканы үзгүлтүккө учуратып, азык-түлүк кризисин жаратты, учурда АКШнын өзүндө да инфляциянын деңгээли болуп көрбөгөндөй жогорулап жатат.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Киев Батыш ЖМКлары үчүн тургундарды атайын өлтүрүп, Россияны айыптоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0