Ысык-Көлдө "Ак-Мөөр Fest" этнофестивалы өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧолпон-Атадагы улуттук кийимчен кыздар. Архив
Чолпон-Атадагы улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Жазылуу
Министрликтин маалыматында этнофестивалда кыргыз айымдарынын бүгүнкү, эртеңки жана кечээги жашоо образдары чагылдырылары айтылган.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө "Ак-Мөөр Fest" этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чара 22-24-июль күндөрү Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы "Эдельвейс" эс алуу борборунда болот.
"Республикалык деңгээлдеги этнофестивалда кыргыз айымдарынын бүгүнкү, эртеңки жана кечээги жашоо образдары чагылдырылат", — деп жазылган маалыматта.
Фестивалды министрликтин колдоосу менен "Кыргыз биримдиги" коомдук бирикмеси өткөрөт.
Бишкекте Ысык-Көл досторун чогултат эл аралык этно-карнавалы башталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Эл аралык этно-карнавалдын катышуучулары Өчпөс отко гүл коюшту
Жаңылыктар түрмөгү
0