Ачкарын же өтө тоюп алып күнгө күйгөн болбойт. Эске алчу эрежелер

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКүнгө күйүп жаткан кыз. Архив
Күнгө күйүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Күнгө туура күйгөн учурда иммунитет бекемделип, D витамини көп иштелип чыгат.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы Ден соолукту чыңдоо борбору күнгө туура күйүүнүн эрежелерин жана пайдасын тизмектеп берди.
Күнгө күйүүнүн пайдасы:
Күнгө күйүү сөөктү бекемдейт;
Ультрафиолет нурлары организмде алмашуу процессин күчөтөт. Алар серотониндин деңгээлин жогорулатып, D витаминин иштеп чыгууга көмөктөшөт;
Күнгө күйүү псориаз, экзема сыяктуу тери оорулары менен күрөшүп, безеткиден арылууга жардам берет;
Иммунитетти бекемдейт.
Күнгө туура күйүүнүн эрежелери:
Ачкарын же тамактан кийин күнгө күйгөн болбойт. Бул процедураны тамактанган соң 30-40 мүнөттөн кийин жасаган жакшы;
Күнгө акырындап, аз-аздан күйүш керек. Күн сайын убактысын узартып турсаңыз болот;
Күндөн коргоочу майды үйдөн чыкканга чейин 20 мүнөт эрте койгон оң. Ал күндөн коргош үчүн жакшылап сиңиш керек;
Башка бетти жакшылап жапкан шляпа кийип, көз айнек тагынуу шарт;
Суу ичип туруңуз;
Бир калыпта жата бербей, күн бардык жерге тийиш үчүн кыймылдап турган жакшы;
Күнгө күйүү үчүн эртең менен жана кечинде 10:00 менен 16:00дө чыккан оң;
Күнгө күйгөн соң териге крем сүйкөп коюуну унутпаңыз.
Көз айнекчен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Окулист күндөн коргоочу көз айнек тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0