https://sputnik.kg/20220707/buturuuchu-miliciya-blok-post-koyup-teksheret-1065876734.html
Бүтүрүүчүлөр тоого чыгып кетпесин. Милиция шаар четине блокпост коюп текшерет
Бүтүрүүчүлөр тоого чыгып кетпесин. Милиция шаар четине блокпост коюп текшерет
Sputnik Кыргызстан
Учурда борбор калаада 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат алуу аземи өтүп жатат. 07.07.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-07-07T11:05+0600
2022-07-07T11:05+0600
2022-07-07T11:12+0600
кыргызстан
кайгуул милициясы
бүтүрүүчү
текшерүү
https://sputnik.kg/img/104839/88/1048398816_0:269:1306:1003_1920x0_80_0_0_350c4fdcbfa7caaacaba2aa4670366bf.jpg
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блокпосттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан унаалар текшерилет. Бул туурасында Бишкектин Кайгуул милиция кызматы кабарлады.Азыркы учурда борбор калаанын дээрлик бардык мектептеринде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат алуу аземи өтүп жатат.Ушуга байланыштуу кайгуул кызматкерлери ар бир мектепте коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүгө киришти. Ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдүү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.Андан сырткары, бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин ата-энелеринин жана улуу кишилердин коштоосу жок өз алдынча тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши көзөмөлдөнөт.Кайгуул милиция ата-энелерге да кайрылып, балдарын тыкыр көзөмөлдөп турууга чакырды.
https://sputnik.kg/20220627/koomduk-transporttun-ajdoochulary-teksheriluudo-1065609927.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104839/88/1048398816_96:0:1536:1080_1920x0_80_0_0_cba5de70137dcd6030554729b5e209ee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кайгуул милициясы, бүтүрүүчү, текшерүү
кыргызстан, кайгуул милициясы, бүтүрүүчү, текшерүү
Бүтүрүүчүлөр тоого чыгып кетпесин. Милиция шаар четине блокпост коюп текшерет
11:05 07.07.2022 (Жаңыртылды: 11:12 07.07.2022) Учурда борбор калаада 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат алуу аземи өтүп жатат.
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блокпосттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан унаалар текшерилет. Бул туурасында Бишкектин Кайгуул милиция кызматы кабарлады.
Азыркы учурда борбор калаанын дээрлик бардык мектептеринде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат алуу аземи өтүп жатат.
Ушуга байланыштуу кайгуул кызматкерлери ар бир мектепте коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүгө киришти. Ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдүү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Андан сырткары, бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин ата-энелеринин жана улуу кишилердин коштоосу жок өз алдынча тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши көзөмөлдөнөт.
Кайгуул милиция ата-энелерге да кайрылып, балдарын тыкыр көзөмөлдөп турууга чакырды.