Бишкекте судьянын жасалма диплом алганы айтылып, кылмыш иши козголду

Соттун залы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022
Жазылуу
Судья 2003-жылы КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз тапшырган.
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкекте Ленин райондук сотунун судьясынын диплому жасалма делип кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Т.М. аттуу судья 2003-жылы КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз тапшырган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыш иши козголгону айтылды.
Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судьянын жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Президенттин Баткендеги атайын өкүлү Мамыржан Рахимов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
УКМК: президенттин Баткендеги атайын өкүлүнүн диплому жасалма экени аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0