Ысык-Көлдө милиционер сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Аялдын жакындары милиционерге эрдиги үчүн ыраазычылык билдиришти.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө милиционер сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 3-июль күнү болгон. Пансионаттардын бириндеги пляжга түшүп жаткан 60-65 жаштар чамасындагы аял жардам сурап кыйкырган.
"Көлдүн жээгинде кызмат өтөп жаткан милициянын старшинасы Адылбек Апышев чөгүп бараткан аялдын үнүн угуп, куткарып калууга жетишкен", — деп айтылат маалыматта.
Аялдын жакындары милиционерге эрдиги үчүн ыраазычылык билдиришти.
Алтынбек Сулайманов пляждардын абалын текшерүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Акча жасоону эле көздөшөт. Сулайманов Көлдөгү пляж ээлерине талапты күчөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0