Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жолдошбеков: профилактика, фармация факультетинде бюджеттик орундар көбөйдү

© Sputnik / Асель СыдыковаДекан факультета лечебного дела №1 КГМА, доктор медицинских наук Есенгелди Жолдошбеков
Декан факультета лечебного дела №1 КГМА, доктор медицинских наук Есенгелди Жолдошбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын №1 дарылоо иши факультетинин деканы, кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Есенгелди Жолдошбеков окуу жайдын окуу-материалдык-техникалык базасы абдан жакшы экенин айтты.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Кыргызстандын аймагында медициналык жана фармацевтикалык кадрларды даярдоо жаатындагы жалгыз адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жай болуп саналат. Ал 1939-жылы түптөлгөн жана акыркы жылдары 40 000ден ашык дарыгерлерди даярдады. Бул тууралуу Есенгелди Жолдошбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жолдошбеков: профилактика, фармация факультетинде бюджеттик орундар көбөйдү
Анын айтымында, КММАда окуу үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдарга Билим берүү министрлиги 5-10 бюджеттик орун бөлүп берет.
"Биздин студенттер заманбап медициналык жабдуулар жана аспаптар менен жабдылган жана дүйнөнүн ири университеттеринде сыноодон өткөн үчүнчү муундагы жаңы стандарттарга туура келген академиянын клиникаларында, окуу борборлорунда жана аудиторияларында билим алат. Окуу жайдын окуу-материалдык-техникалык базасы абдан жакшы. Алсак, төрт окуу имараты, морфологиялык корпус, видеоаппаратура менен жабдылган лекция залдары, Төө-Ашуудагы илимий база, ашкана, алты студенттик жатакана, 54 окуу-клиникалык жана өндүрүштүк практика базалары, ошондой эле 500 миң нускадан ашык адабият жана 100 аталышка чейинки мезгилдүү басылмалардын китеп фонду бар китепкана, пластинация музейи бар. Андан сырткары, акысыз интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар ресурстук борбор жана мультимедиалык китепкана иштейт. КММАнын бюджеттик жана келишимдик окуу боюнча сынакка катышуу үчүн ЖРТнын босогосунан жогору балл алуу керек жана химия, биология боюнча тесттин жыйынтыгы болушу шарт. Абитуриенттер стоматология, дарылоо иши, педиатрия, фармация, медициналык-профилактикалык иш жана жогорку медайымдык билим факультеттерине тапшырып, анда 5-6 жыл окушат. 2022-2023-окуу жылы үчүн студенттердин окуу акысы 26000ден 66 000 сомго чейин деп бекитилди. Окуу акысы, бюджеттик орундар, окууга конкурстун этаптары, талап кылынуучу документтер тууралуу кененирээк КММАнын сайтына кирип тааныша аласыздар. Себеби улам жаңы маалыматтар киргизилип турат", — деди Жолдошбеков.
Ал КММАга жыл сайын 500дөй чет элдик студент кабыл алынарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0