Кыргызстанда COVID жуктургандар көбөйүүдө. Ооруканага түшкөндөр бар

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүДарыгер коронавирус менен ооруган бейтаптын жанында. Архив
Дарыгер коронавирус менен ооруган бейтаптын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү Бишкекте аныкталган.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
"Өлкөдө COVID-19дун жаңы 48 учуру катталса, алардын 43ү Бишкекте аныкталды. Ооругандардын үчөө ооруканага жаткырылган. Абалы орто", — деп айтылат маалыматта.
Илдет илештиргендердин арасынан тогузу Россия, Түркия, Өзбекстан, АКШдан келгени кошумчаланды.
Жуктургандар:
Бишкек — 43;
Чүй облусу — 4;
Ош шаары — 1.
COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 201 101 адам аталган дартты жугузуп алган. Республикалык штаб элди коронавируска каршы эмделүүгө чакырууда.
Аэропортто коронавируска ПЦР тест тапшрырып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Россия COVID-19 боюнча киргизилген чек арадагы чектөөлөрдү 15-июлда жоет
Жаңылыктар түрмөгү
0