00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кандай окуя болбосун эл менен болдуңар! Жапаров медиктерди куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Жазылуу
Президент мамлекет медиктердин кадыр-баркын төмөндөтпөй, колдон келсе жогорулатууга бар күч-аракетин жумшай турганын убадалады.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчы элдин башынан эмне окуялар өткөн болсо, баарында медиктер эл менен болгонун эске салды. Элдик толкундоолордо дагы өмүрүн тобокелге салып, эл арасында жүрүп, кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүшкөнүн белгиледи.
"Урматтуу саламаттык сакчылары, сиздердин дартка даба болуп, ажат ачып, элдин ыраазычылыгын алган кызматыңыздар эч нерсе менен өлчөнбөйт, эч нерсеге теңелбейт. Анткени сиздер "Өзгөлөрдүн өмүрү деп өзүм күйүп жок болом" деген ураан астында элге кызмат кылып, бекеринен ант берген эмессиздер. Албетте, адам өмүрү деген маселеде антты бузбайсыздар деп терең ишенем", — деди Жапаров.
Ал эми коронавирус пандемиясы маалында адамзаттын үрөйүн учурган илдетке тайманбай каршы туруп берген эрдиктери эч качан унутулбай турганын билдирди. Ошондой эле оору менен күрөшүп жатып каза болгон доктурларга ар дайым баш ийип, таазим кыларын айтты.
"Мамлекет медиктердин кадыр-баркын төмөндөтпөй, колдон келсе жогорулатууга болгон күч-аракетин жумшайт. Учурда элибизге адистештирилген медициналык жардамдар өз убагында көрсөтүлүүдө. Бишкек шаарында кургак учукка каршы оорукана, Республикалык перинаталдык борбор курулуп бүтүп, ишке киргизилгени турат. Жер-жерлерде дал ушундай деӊгээлдеги көп тармактуу бейтапканаларды куруу, алыскы тоолуу аймактарда ФАП, амбулаторияларды салуу пландалууда жана ишке ашырылууда", — деди Жапаров.
Соңунда президент медиктердин ишине албан-албан ийгиликтерди, үй-бүлөсүнө бакубат турмуш, жергебизге тынчтык, элдин аман, дени сак болушун каалады.
ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Башка иш түшкөндө караанына зар болобуз! Жапаров куткаруучуларды куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0