Жети-Өгүздө беш окуучу түндө келип мугалимди сабап кеткен. Чоо-жайы

© Sputnik / Табылды КадырбековМуштум түйүп турган адам. Архив
Муштум түйүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Токмок жеген О.У. Жети-Өгүз райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мектептердин биринин жогорку классынын беш окуучусу директордун тарбия иштери боюнча орун басарын сабап кеткен. Бул туурасында аталган облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя 2022-жылдын 18-июндан 19-июнга караган түнү болгон.
2022-жылы 19-июнда Жети-Өгүз райондук милициясына телефон аркылуу Жети-Өгүз райондук ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнөн денесинен жаракат алып кайрылган жаран жөнүндө малымат келип түшкөн.
Саруу айылынын 25 жаштагы О.У. аттуу жараны арыз менен кайрылып, 19-июнга караган түнү саат 01:00дөр чамасында Саруу айылына караштуу орто мектептин окуучулары аны сабап кеткенин билдирген.
Мугалимдин айтканына караганда, балдар тоого чыгууга уруксат сураган, бирок ал макул болгон эмес.
О.У. Жети-Өгүз райондук хирургия бөлүмүнө жаткырылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде ("Бейбаштык") иш козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө Саруу айылындагы 17 жаштагы А.Н., А.Р., И.Т., Т.Ы. жана Т. С. аттуу окуучу балдар шектүү катары кармалган.
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Мугалимдин күндөлүгү: каратып туруп сөккөндөргө унчуга албай отурабыз
Жаңылыктар түрмөгү
0