Төртөөнүн эси ооп. Спецназдын Таласта кудукка түшүп кеткендерди куткарган видеосу

© Фото / пресс-служба МВДГазга ууланып эс-учун жоготкон жумушчуларды жана директорун куткарып калган ИИМдин Талас облусундагы спецназ жоокерлери
Газга ууланып эс-учун жоготкон жумушчуларды жана директорун куткарып калган ИИМдин Талас облусундагы спецназ жоокерлери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Кудукка түшкөндөр биринин артынан экинчиси эси ооп кулай берген, акырында жардамга жетип келген директору да эстен танган.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. ИИМдин Талас облусундагы спецназ жоокерлери газга ууланып эс-учун жоготкон жумушчуларды жана директорун куткарып калды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Окуя 28-июнь күнү болжол менен саат 10:00дөр чамасында болгон. Талас шаарынын Чубак Сатаев жана Турдалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйдү суу каптап, муниципалдык "Таза суу" ишканасынын төрт кызматкери оңдоо иштерин жүргүзө башташкан. Бир жумушчу 2,5 метр тереңдиктеги кудукка түшүп иштеп жатканда көмүр газы чыгып, ошол жерден ээси ооп кулаган. Муну көргөн башка кесиптештери улам бири-бирин куткарам деп жатып, үчөө тең эстен танып калган. Төртүнчүсү абалдын кооптуу экенин баамдап, 100 метр аралыкта жайгашкан мекемеге чуркап жетип, кабар берген. Директор жетип келип, жардам берем деп кудукка түшүп, ал да эсин жоготкон.
Ошол учурда жакын аймакта тамактанып жатышкан ИИМдин атайын багыттагы полкунун Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкерлери жардамга чакырган үндү угуп, Жеңишбек Темирбеков, Нурлан Ташматов жана Абдылас Шабданбеков үчөө жетип барышкан.
"Жагдайды баамдаган Абдылас Шабданбеков жардамга чакыруу үчүн отрядга жөнөгөн. Бирок жардам келгиче адам өмүрүн сактап калууну көздөгөн Нурлан Ташматов кудукка түшүп, бир жаранды кур менен байлап, өйдө көтөрүп келе жатканда кур үзүлүп, экөө тең кулаган. Аны байкаган Жеңишбек Темирбеков кесиптешине жана жарандарга жардам берүүнү көздөп кудукка түшүп, ал дагы ээси ооп кулаган. Ал учурда спецназчылар противогаз жана аркан алып жетип келишкен. Алгач эки кесиптешин алып чыгышкан. Нуржигит Календеров противогазды кийип, кудукка түшүп, берки жоокерлер менен ишкана кызматкерлерин сыртка аркан менен чыгарышкан", — деп айтылат маалыматта.
Тез жардам автоунаасы жакын жерде болбогондуктан кудуктан чыгарылгандарды жеке автокөлүктөр менен ооруканага жеткиришкен.
ИИМ атайын багыттагы полктун Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери: милициянын капитаны Нурлан Ташматов, милициянын лейтенанты Нуржигит Календеров, милициянын прапорщиги Абдылас Шабданбеков, милициянын прапорщиги Жеңишбек Темирбеков адам өмүрүн сактап калышканын белгиледи.
Милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Бишкекте милиционер өрт чыккан үйдөн эне-баланы алып чыгып өмүрүн сактап калды
Жаңылыктар түрмөгү
0