Бишкектеги коомдук транспортто накталай эмес төлөм жүргүзүү мөөнөтү жылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовТроллейбус. Архив
Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Мэр Абдыкадыров мындай чечимди бир нече себептерден улам кабыл алган.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкекте автобустар менен троллейбустарда накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча чечимдин мөөнөтү жылдырылды.
Негизи эртең, 1-июлдан тарта, жүргүнчүлөр жол кирени "Тулпар" картасы менен гана төлөшү керек эле. Анткен менен мэр Эмилбек Абдыкадыров төмөнкү себептерден улам мөөнөттү жылдыруу чечимине келген:
Шаардыктардын көбү "Тулпар" картасын алууга жетишкен эмес;
Жаңы тарифтер бекитиле элек. Жол кире карта менен 11 сом, накталай 15 сом болушу керек эле. Бул боюнча токтом долбоор коомдук талкууга коюлган;
Ноябрда коомдук транспорттун саны көбөйөт.
Бишкекте рейд учурунда милиция кызматкерлери менен наркологдор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Милиция наркологдор менен коомдук транспорттун айдоочуларын текшерүүдө. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0