00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Create4 Design в Бишкеке: креативный бизнес КР обсудит ИИ, этику и новые профессии
08:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

АКШда мигранттардын сөөгү табылган фура. Айдоочу өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

© AFP / JORDAN VONDERHAARАКШда мигранттардын сөөгү табылган фура
АКШда мигранттардын сөөгү табылган фура - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2022
Жазылуу
Транспорттун айдоочусу Омеро Заморано, ал эми шериги Кристиан Мартинес экени аныкталды.
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Техаста жолго ташталган жүк ташуучу унаада каза болгон мигранттардын саны 53кө жетти. Фуранын айдоочусу менен шериги өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Юстиция министрлиги билдирди.
Фура Техастагы ири трассага алып барчу жолдон табылган. Анын ичинде 46 кишинин сөөгү болгон, тирүү калган 16 адам (төртөө жашы жете элек бала) ооруканага жеткирилген. Кийин дагы жети кишини өлгөнү дайын болду.
Автоунаада суу да, кондиционер да болгон эмес. Мигранттар ысык өтүп каза болгон.
Транспорттун айдоочусу Омеро Заморано, ал эми шериги Кристиан Мартинес экени аныкталды. Бул иш боюнча дагы эки адам шектүү катары каралууда. Алардын ар бири 10 жылдан эркинен ажырашы мүмкүн.
"Заморано чет элдиктерди мыйзамсыз ташып, алардын өлүмүнө себепкер болду деп айыпталып жатат. Ал Браунсвиллде төрөлүп, Пасадинада (Техас штаты) жашайт. Заморанонун күнөөсү далилденсе өмүр бою эркинен ажыратылат же өлүм жазасына тартылат. Федералдык округдук сот мыйзам менен бекитилген жагдайларды карап чыккандан кийин тийиштүү чечим чыгарат", —деп айтылат маалыматта.
Документке ылайык, Кристиан Мартинес "мигранттарды мыйзамсыз ташууга катышкан" деп айыпталып жатат.
"Эгер Мартинес күнөөлүү деп табылса, ал дагы өмүр бою эркинен ажыратылып же өлүм жазасына тартылат", — деп айтылат министрликтин релизинде.
Мындан тышкары, куралды мыйзамсыз сактоо беренеси боюнча Мексиканын Хуан Мендес жана Хуан Бильбао аттуу жарандарына айып тагылды. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, мигранттар каза болгон фуранын чиркегичи ушул адамдарга катталган. Алар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Техастын губернатору Грегг Эбботт окуяга АКШнын президенти Жо Байденди күнөөлөп жатат. Анын пикири боюнча, миграциялык саясаттын жумшартылганы ушундай кесепеттерге алып келүүдө.
Буга чейин Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор мындай окуялар Мексика-Америка чек арасындагы көзөмөлдүн жоктугунан жана адам сатуу гүлдөп жатканына байланыштуу болуп жатканын билдирген.
Латын Америкадан АКШга агылган мигранттардын саны максималдуу көрсөткүчкө жетти. Буга пандемиянын кесепетинен пайда болгон экономикалык каатчылык себеп болууда. Мексиканын бийлиги 2021-жылы 114 миң мыйзамсыз саякатчыны депортациялаган. Соңку тогуз ай ичинде АКШнын бийлиги Мексика менен чектешкен жерден миллиондон ашык адамды кармаган.
В Техасе нашли брошенную фуру с телами 46 мигрантов — видео с места - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
АКШда 46 мигранттын сөөгү менен ташталган жүк ташуучу унаа табылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0