https://sputnik.kg/20220629/ukrain-ulutchuldugu-tuuraluu-achykka-chykpagan-dokumentter-zharyyalandy-1065915730.html
Украин улутчулдугу тууралуу ачыкка чыкпаган документтер жарыяланды
Украин улутчулдугу тууралуу ачыкка чыкпаган документтер жарыяланды
Sputnik Кыргызстан
Кызыгы, Ыраакы Чыгыштагы Украинадан качып чыккан жана Европадан куулган улутчулдар пропагандасын азыркы Киев режими колдонуп келген ыкмалар менен жүргүзгөн. 29.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-29T18:17+0600
2022-06-29T18:17+0600
2022-07-07T18:19+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
япония
ссср
приморье
https://sputnik.kg/img/07e6/07/07/1065901982_0:0:3059:1720_1920x0_80_0_0_5a8cd6c7f1881f92e5cf8298cd7ecb86.jpg
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. РИА Новости украин улутчулдугунун тарыхы тууралуу материалдардын сериясын жарыялоону баштады. Анда буга чейин эч бир жерге чыкпаган документтер ачыкталган, арасында Украинадан 1930-жылдары япониялыктар басып алган Маньчжурияга кире качкан улутчулдар тууралуу да маалымат бар.Булар япониялыктар менен СССРдин ортосундагы тутанчу согушту күтүп, гитлердик Германиянын колдоосу менен советтик бийликке каршы чагымчыл аракеттерди көрүп, пропаганда жүргүзүп келишкен.ФСБнын Приморье боюнча башкармалыгы ачыкка чыгарган документтерде айтылгандай, украин улутчулдар уюмунун гитлердик аскер чалгыны тарабынан колдоого алынган эмиссарлары СССРден өч алууну пландап келишкен.Кызыгы, Ыраакы Чыгыштагы Украинадан качып чыккан жана Европадан куулган улутчулдар пропагандасын азыркы Киев режими колдонуп келген ыкмалар менен жүргүзгөн.Мындан тышкары, документтерде украин улутчулдарын япониялык аскер чалгыны көзөмөлдөп келгени айтылат. Алар СССРге кастарын тиккен державалардын оюнчугуна айланганы айтылат. Бүгүнкү күндө да Украина Батыштын Россияга каршы колдонгон куралы болууда.Маньчжурияда негизинен СССРге каршы күрөшүү менен алектенген "Украина улуттук колониясы" (УУК) пайда болот. Уюмду жалпы жонунан Петлюранын бандаларынын калган-каткан мүчөлөрү менен жарандык согуш маалында совет бийлигине каршы чыккандар түзгөн. Мындан тышкары, алардын арасында 1920-жылдары Польшадан сүрүлүп чыккандар бар болчу.Антисоветтик ишмердүүлүгүн күчөтүү үчүн УУК "Украинская Дальневосточная Сечь" деп аталган жаштар улуттук уюмун негиздеген, дал ушул уюм радикалдуу улутчул идеяларды ишке ашыруучу негизги күч эле. Пропаганда үчүн УУК "Ыраакы Чыгыш" аттуу журналды чыгарып турган.1936-1937-жылдары УУКка уюмдун Берлиндеги өкүлдөрү келип япон чалгын кызматынын жардамы менен колониядагы жетекчилик кызматтарды ээлешкен.Анткен менен япониялыктар украина улутчулдарына толук эркиндик берген эмес. "Украина улуттук колониясынын" ишмердүүлүгүнө 1945-жылы Кызыл армиянын япониялык топторду кыйратуусу чекит койгон. Советтик атайын кызмат УУКтун активдүү мүчөлөрүн камакка алып, соттун өкүмү менен жаза өтөөчү колонияларга жөнөтүлгөн.Советтик Россия учурунда алар саясий мотивдеги мамлекеттик кылмыштарды жасаган адамдар катары таанылгандыктан, акталбай калган.* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм
япония
ссср
приморье
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/07/1065901982_39:0:2770:2048_1920x0_80_0_0_2d2a7f16e3c3797ba61567f175d03126.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, япония, ссср, приморье
дүйнөдө, россия, япония, ссср, приморье
Украин улутчулдугу тууралуу ачыкка чыкпаган документтер жарыяланды
18:17 29.06.2022 (Жаңыртылды: 18:19 07.07.2022) Кызыгы, Ыраакы Чыгыштагы Украинадан качып чыккан жана Европадан куулган улутчулдар пропагандасын азыркы Киев режими колдонуп келген ыкмалар менен жүргүзгөн.
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. РИА Новости украин улутчулдугунун тарыхы тууралуу материалдардын сериясын жарыялоону баштады. Анда буга чейин эч бир жерге чыкпаган документтер ачыкталган, арасында Украинадан 1930-жылдары япониялыктар басып алган Маньчжурияга кире качкан улутчулдар тууралуу да маалымат бар.
Булар япониялыктар менен СССРдин ортосундагы тутанчу согушту күтүп, гитлердик Германиянын колдоосу менен советтик бийликке каршы чагымчыл аракеттерди көрүп, пропаганда жүргүзүп келишкен.
ФСБнын Приморье боюнча башкармалыгы ачыкка чыгарган документтерде айтылгандай, украин улутчулдар уюмунун гитлердик аскер чалгыны тарабынан колдоого алынган эмиссарлары СССРден өч алууну пландап келишкен.
Кызыгы, Ыраакы Чыгыштагы Украинадан качып чыккан жана Европадан куулган улутчулдар пропагандасын азыркы Киев режими колдонуп келген ыкмалар менен жүргүзгөн.
Мындан тышкары, документтерде украин улутчулдарын япониялык аскер чалгыны көзөмөлдөп келгени айтылат. Алар СССРге кастарын тиккен державалардын оюнчугуна айланганы айтылат. Бүгүнкү күндө да Украина Батыштын Россияга каршы колдонгон куралы болууда.
Маньчжурияда негизинен СССРге каршы күрөшүү менен алектенген "Украина улуттук колониясы" (УУК) пайда болот. Уюмду жалпы жонунан Петлюранын бандаларынын калган-каткан мүчөлөрү менен жарандык согуш маалында совет бийлигине каршы чыккандар түзгөн. Мындан тышкары, алардын арасында 1920-жылдары Польшадан сүрүлүп чыккандар бар болчу.
Антисоветтик ишмердүүлүгүн күчөтүү үчүн УУК "Украинская Дальневосточная Сечь" деп аталган жаштар улуттук уюмун негиздеген, дал ушул уюм радикалдуу улутчул идеяларды ишке ашыруучу негизги күч эле. Пропаганда үчүн УУК "Ыраакы Чыгыш" аттуу журналды чыгарып турган.
1936-1937-жылдары УУКка уюмдун Берлиндеги өкүлдөрү келип япон чалгын кызматынын жардамы менен колониядагы жетекчилик кызматтарды ээлешкен.
Анткен менен япониялыктар украина улутчулдарына толук эркиндик берген эмес. "Украина улуттук колониясынын" ишмердүүлүгүнө 1945-жылы Кызыл армиянын япониялык топторду кыйратуусу чекит койгон. Советтик атайын кызмат УУКтун активдүү мүчөлөрүн камакка алып, соттун өкүмү менен жаза өтөөчү колонияларга жөнөтүлгөн.
Советтик Россия учурунда алар саясий мотивдеги мамлекеттик кылмыштарды жасаган адамдар катары таанылгандыктан, акталбай калган.
* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм