ЖРТдан эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөр. Облустар боюнча көрсөткүч

© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КРЖРТ тапшырып жаткан бүтүрүүчүлөр. Архив
ЖРТ тапшырып жаткан бүтүрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.06.2022
Жазылуу
Министрлик 24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн экенин эскертти.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. 2022-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл эң жогорку балл 235 болуп, ага Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү ээ болгон.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 235тен 221ге чейин упай топтогондор:
Бишкек шаарынан — 35 окуучу;
Ош облусу — 7;
Ысык-Көл облусу — 5;
Чүй облусу — 4;
Баткен облусу — 3;
Нарын облусу — 2;
Жалал-Абад облусу — 1.
24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн.
Борбор калаадагы окутуу борборунун ЖРТга туура даярдануу боюнча адиси Гүлина Турганова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2022
Радио
Турганова: китеп окулбай, көп окуучулардын ой жүгүртүүсү төмөн болууда
Жаңылыктар түрмөгү
0