https://sputnik.kg/20220624/turk-investitsiyalyk-fondunun-kensesi-bishkekte-zhaygashtyruu-1065542102.html
Түрк инвестициялык фондунун кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу сунушу айтылды
Түрк инвестициялык фондунун кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу сунушу айтылды
Sputnik Кыргызстан
Төрага Кыргызстанда Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселери жана уюмдарынын жоктугун айтып өттү. 24.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-24T15:06+0600
2022-06-24T15:06+0600
2022-06-24T15:08+0600
кыргызстан
түркпа
талант мамытов
инвестициялык фонд
штаб-квартира
https://sputnik.kg/img/07e6/06/18/1065530914_0:97:1620:1008_1920x0_80_0_0_64242222588b0252ab67abadf829ba80.jpg
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жаңыдан түзүлүп жаткан Түрк инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштырууну сунуштады.Спикер бүгүн Чолпон-Атада өтүп жаткан ТүркПАнын пленардык жыйынында сүйлөдү.Ошондой эле ал Борбор Азиянын геосаясий жайгашуусун, жаратылыш ресурстарынын зор байлыгын, экономикалык жана саясий өнүгүүсүн эске алганда Кыргызстандын статусу күндөн-күнгө өсүп жатканын белгиледи. Андыктан түрк өлкөлөрүн экономикалык кызматташтыкты жаңы багытта жүргүзүүгө чакырды.
https://sputnik.kg/20220624/sadyr-zhaparov-turkpa-zholugushuu-1065540171.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/18/1065530914_66:0:1506:1080_1920x0_80_0_0_9f6ed954125c1d1158fb47d709cd625e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, түркпа, талант мамытов, инвестициялык фонд, штаб-квартира
кыргызстан, түркпа, талант мамытов, инвестициялык фонд, штаб-квартира
Түрк инвестициялык фондунун кеңсесин Бишкекке жайгаштыруу сунушу айтылды
15:06 24.06.2022 (Жаңыртылды: 15:08 24.06.2022) Төрага Кыргызстанда Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселери жана уюмдарынын жоктугун айтып өттү.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы
Талант Мамытов жаңыдан түзүлүп жаткан Түрк инвестициялык фондунун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштырууну сунуштады.
Спикер бүгүн Чолпон-Атада өтүп жаткан ТүркПАнын пленардык жыйынында сүйлөдү.
"Түрк инвестициялык фонду биздин экономикалык карым-катнашыбызда так жана майнаптуу курал болуп калат. Ошондой эле эки тараптуу, көп тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуу механизми катары негизги ролду ойнойт деп ойлойм. Биздин өлкөдө Түрк мамлекеттеринин эл аралык кеңселеринин жана уюмдарынын жоктугун эске алуу менен бул финансылык мекеменин штаб-квартирасын Бишкек шаарында жайгаштырууга даярбыз", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал Борбор Азиянын геосаясий жайгашуусун, жаратылыш ресурстарынын зор байлыгын, экономикалык жана саясий өнүгүүсүн эске алганда Кыргызстандын статусу күндөн-күнгө өсүп жатканын белгиледи. Андыктан түрк өлкөлөрүн экономикалык кызматташтыкты жаңы багытта жүргүзүүгө чакырды.