"Элкарт" төлөмдү телефон аркылуу жүргүзүү жолун киргизет

© SputnikСмартфон жана банк карталары. Архив
Смартфон жана банк карталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2022
Жазылуу
Учурда алуу-сатуу иштерин накталай эмес жолдор менен жүргүзүүнү турмушка ашыруу үчүн процедуралар жасалууда.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жакын арада "Элкарт Pay" системасын киргизүү пландалууда, бул соода-сатыкты карта аркылуу гана эмес, телефон менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул туурасында "Банктар аралык процессинг" борборунан (улуттук "Элкарт" төлөм системасынын оператору) кабарлады.
Эске салсак, мындай функция бир банкта бар.
Эсептешүүнүн ыкмаларын жаңычылдыктар коштой турганы айтылды.
"Банктар аралык процессинг" борбору сатып алгандарга, керектөөчүлөргө алган товары жана тейленгени үчүн акыны накталай эмес төлөөдө алдыңкы продукцияларды, кызматтарды киргизүү иштерин улантат. Жакынкы аралыкта "Элкарт Pay" функциясын киргизүү пландалууда. Ал эсептешүүнү, соода-сатык үчүн төлөөнү мобилдик телефон аркылуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет (NFC системасын колдоо менен)", — деп айтылган маалыматта.
NFC — жакын аралыкта маалыматтарды контактысыз технология менен өткөрүү.
"Апенди безнесмен" Telegram-каналы (Sputnik Кыргызстандын долбоору) Pay функциясынын артыкчылыгын айтып берди.
убакыттан утасыз, картаны алып чыгып жүрбөйсүз;
картадагы маалыматтарды чоочун эч ким көрө албайт (аты-жөнү, номери жана 3 сан — CVV-код картанын арткы жагында);
"Элкартты" Кыргызстандын бардык банктары чыгарат. Андыктан Pay функциясын колдонуу үчүн картаны/банкты алмаштырып кереги жок.
Элкарт улуттук төлөм тутуму жана акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Улуттук банк "Элкарт" пайдаланууну сунуштады. Артыкчылыктары
Жаңылыктар түрмөгү
0