Бишкекте миңдеген шам жагылды. Видео

Жазылуу
Бишкектиктер массалык түрдө шам жагып, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине таазим кылышты.
Иш-чараны "Жеңиш ыктыярчылары" коомдук фонду уюштурду. Ага Бишкектин Октябрь райондук администрациясы, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Россотрудничество көмөк көрсөттү.
Бардыгы болуп 3 500 шам жагылган. Бул Кыргызстанда өмүрү сакталып калган ленинграддык балдардын санына барабар.
1941-жылдын 22-июнь күнү фашисттик Германия СССРге кол салган. Улуу Ата Мекендик согуш 1 418 күнгө созулуп, 1945-жылдын 9-майында СССРдин жеңиши менен аяктаган. Бул согушта совет эли эбегейсиз каармандык көргөзүп, фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрүнүн таш-талканын чыгарып, жеңишке жеткен. Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашык кыргызстандык катышса, 100 миңден ашуун жердешибиз кан майданда курман болуп, көптөрүнүн дайыны чыкпай калган. 150 миңден ашуун кыргызстандык көрсөткөн эрдиги жана баатырдыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган, 77 жоокер Советтер Союзунун Баатыры болгон.
По теме:
"Рахмат, Кыргызстан!". Согуш каарын эске салган акциядан 12 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0