Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШлык жалданмаларды өлүм жазасы күтөт. Ак үйдүн төбө чачы тик турууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги жана Капитолий. Архив
АКШнын желеги жана Капитолий. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2022
Жазылуу
Россиялык аскерлер Украинада Америка армиясынын эки аскерин туткунга алган. РФ лидеринин маалымат катчысы аларга өлүм жазасы чыгарын четке каккан эмес.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун Украинада туткунга түшкөн америкалык жалданма аскерлерге өлүм жазасы чыгышы мүмкүн деген сөзүнө Ак үйдүн төбө чачы тик турду. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирбинин айтканына таянып жазды.
"Биринчиден, бул эки адам туурасында көбүрөөк маалымат алууга аракет кылабыз. Экинчиден, Россиядагы элге таанымал аткаминер Украинадагы америкалык жарандардын өлүм жазасына тартылышы боюнча айтып жатканы үрөй учурат", — деген Кирби.
Буга чейин Песков америкалык MSNBC телеканалына берген маегинде Украинада россиялыктарга кол салып туткунга түшкөн америкалыктарды "ийгиликтин аскерлери" деп атаган. Андан сырткары, булардын Женева конвенциясы коргоого аларына үмүт артпай эле коюшун айткан. Кийинчерээк журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, туткундалгандардын өлүм жазасына тартылышын четке каккан эмес. Песков соттун алдыдагы чечимине Кремлдин кирише албай тургандыгын билдирген.
Буга чейин Харьковдогу согушта россиялык аскерлер америкалык армиянын эки аскерин туткунга алгандыгы кабарланган. Алардын бири Иракта кызмат өтөгөн 39 жаштагы Александр Дрюке, экинчиси 27 жаштагы Энди Хьюн аттуу адам экени белгилүү болгон.
Украиналык аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атып салам деп согушууга мажбурлаган. Украин аскеринин баяны видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0