Азия чемпионаты: грек-рим күрөшүнөн эки кыргызстандык балбан баш байге утту
11:54 20.06.2022 (Жаңыртылды: 11:57 20.06.2022)
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкекте өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты
![Бишкекте өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты Бишкекте өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/06/14/1065391066_0:213:2464:1599_1920x0_80_0_0_a9dc79f011cf3bedf695a318e73f83d7.jpg)
Жазылуу
Кечээ грек-рим күрөшү боюнча 7 салмак категорияда 58 балбан күч сынашты.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгында эки кыргызстандык балбан чемпион болду. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мелдештин биринчи күнү, 19-июнда, грек-рим күрөшү боюнча эркектер арасында 7 салмак категорияда ( 45, 48, 51, 55, 60, 92 жана 110 килограмм) 58 балбан күч сынашты.
Биринчи күндүн жыйынтыгы:
45 килограм
1-орун – Шахзод Рузокхунов (Өзбекстан);
2-орун – Паям Фарзад Ахмади Балоотаки ( Иран);
3-орун – Шыңгызган Абдыхалимов (Казакстан).
48 килограмм
1-орун – Ронит Шарма (Индия);
2-орун – Али Абдуллах Ахмади Вафа (Иран);
3-орун – Арсен Жума (Казакстан).
51 килограмм
1-орун – Рауан Бекимов (Казакстан);
2-орун – Кубаныч Аринов (Кыргызстан);
3-орун – Дайсуке Моришита (Япония);
3-орун – Мухаммадреза Холемреза (Иран).
55 килограмм
1-орун – Нариман Бекимов (Казакстан);
2-орун – Куршитбек Нормухаммедов (Өзбекстан);
3-орун – Бейонджи Сео (Корея).
60 килограмм
1-орун – Жантөрө Миразалиев (Кыргызстан);
2-орун – Аболфази Хуссейн (Иран);
3-орун – Юсуф Ашрапов (Казакстан).
92 килограмм
1-орун – Нурболот Сыргыбай уулу (Кыргызстан);
2-орун – Элсинбек Розакулов (Казакстан);
3-орун – Хамидриза Мортеза (Иран);
3-орун – Жаэно Чой (Корея).
110 килограм
1-орун – Мухаммад Шахрам (Иран);
2-орун – Пардеп Синх (Индия);
3-орун – Се Ен Ким (Корея);
3-орун – Куаныш Амангелди (Казакстан).
Белгилей кетсек, жаштар (U23) жана өспүрүмдөр (U17) арасындагы Азия чемпионаты 26-июнга чейин уланат.
Беттештер күн сайын саат 10:30 да башталып, 18:00дө финалдык таймаштар болот. Чемпионат "Бишкек-Арена" муз аянтчасында өтүүдө.