Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жазылуу
20-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет биллдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас облусунда +26...+28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +26...+31, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын аймагында +20...+25 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +29...+31, Ош шаарында +28...+30, Чолпон-Атада +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Аял жаан учурунда кол чатыр менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0