Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иманкулов: дин боюнча сабак берген теологдорду УКМК, ИИМ текшерет

© Sputnik / Асылбек БактыбековБилим берүү министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Муратбек Иманкулов. Архив
Билим берүү министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Муратбек Иманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жазылуу
Билим берүү министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын жетектөөчү илимий кызматкери Муратбек Иманкулов диндердин өнүгүү тарыхы предметин окутууга 300 теолог кызыкдар болуп жатканын айтты.
2021-2022-окуу жылында орто мектептерге киргизилчү диндердин өнүгүү тарыхы предметин теологдор, алар жетишпей калган мектептерде тарыхчылар окутат. Бул тууралуу Муратбек Иманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Иманкулов: дин боюнча сабак берген теологдорду УКМК, ИИМ текшерет
Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан теолог дипломун алып жүргөн 1000ден ашуун адис бар.
"Диндердин өнүгүү тарыхы сабагы 2021-2022-окуу жылынан тарта 7-8-9-класстарга киргизилет. Аларды окутуу теологдорго жүктөлөт. Республикада учурда 1000ден ашуун теолог бар экен, алардын 300дөйү мектепте иштөөгө каалоосун билдирди. Бирок каалаган теолог эле келип сабак берип калбайт. Булар УКМК, ИИМден атайын текшерүүдөн өтөт. Кайсы бир террордук уюмга тиешеси жокпу, тигил же бул диний уюмду пропагандалоого жол бербейби, ушунун баары көзөмөлдөнөт. Мындан сырткары, 72 сааттык кайра даярдоо курсунан өтүшөт. Анда балдарга бардык диндердин тарыхын туура жеткирүү, динге ар кандай көз караштагы үй-бүлөлөрдүн балдарына предметтин максатын ачып берүү каралат", — деди Иманкулов.
Ал ошондой эле келечекте теологияны бүтүрүп жаткан студенттер магистратурасын педагогика багытында улантуусу боюнча иштер жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0