https://sputnik.kg/20220619/aksh-bijligi-butka-atyp-algandaj-boldu-1065376442.html
Америкалык илимпоз: АКШ бийлиги өзүн-өзү бутка атып алгандай болду
Америкалык илимпоз: АКШ бийлиги өзүн-өзү бутка атып алгандай болду
Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар бир нече жылдан бери санкциялардын таасири жана кесепети боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келген. Жыйынтыгында алар мындай кысымдар эч кимге пайда... 19.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-19T11:24+0600
2022-06-19T11:24+0600
2022-06-19T11:24+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
экономика
акш
россия
санкциялар
https://sputnik.kg/img/07e6/06/13/1065376416_0:157:3085:1892_1920x0_80_0_0_20b6c838cfd839af4e4a27dba82ca448.jpg
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Американын Экономикалык изилдөөлөр институтунун президенти Уильям Рюгер Fox News телеканалына берген маегинде Америка Кошмо Штаттарынын Россияга каршы санкциялары "өзүн-өзү бутка атып салууга барабар" деп баа берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Рюгердин айтымында, окумуштуулар бир нече жылдан бери санкциялардын таасири жана кесепети боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келген. Жыйынтыгында алар мындай кысымдар эч кимге пайда алып келбесин аныкташкан."Алгач санкциялар жарыяланган тарапка бир той көйгөй алып келчүдөй сезиле берет. Бирок жыйынтыгында эки тарап тең, өзгөчө карапайым эл азабын тартат. Бул бийлик өзүн-өзү бутка атып алгандай эле көрүнүш", — деди адис.24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Буга жооп катары Батыш өлкөлөрү Россияга каршы бир катар жаңы санкцияларды киргизишти, көптөгөн чет элдик компаниялар Россиядагы ишин токтоткон.Москвага каршы санкциялык басым буга чейин эле АКШ жана Европа үчүн экономикалык көйгөйлөргө айланып, күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баанын олуттуу өсүшүнө алып келген.
https://sputnik.kg/20220618/ukraina-batysh-koldoo-tazhady-1065356866.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/13/1065376416_176:0:2907:2048_1920x0_80_0_0_b13d2212ace8a6923adc67b9097bf5d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, экономика, акш, россия, санкциялар
дүйнөдө, экономика, акш, россия, санкциялар
Америкалык илимпоз: АКШ бийлиги өзүн-өзү бутка атып алгандай болду
Окумуштуулар бир нече жылдан бери санкциялардын таасири жана кесепети боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келген. Жыйынтыгында алар мындай кысымдар эч кимге пайда алып келбесин аныкташкан.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Американын Экономикалык изилдөөлөр институтунун президенти Уильям Рюгер Fox News телеканалына берген маегинде Америка Кошмо Штаттарынын Россияга каршы санкциялары "өзүн-өзү бутка атып салууга барабар" деп баа берди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Кайсы бир мамлекет башчыны өз улутунун кызыкчылыгы үчүн маанилүү деп эсептеген нерселеринен баш тарттыруу кыйын. Россияны ала турган болсок, Украинага байланыштуу абалда алар өз кызыкчылыгын ойлоп жатат. Бул кадыресе көрүнүш", — деди ал.
Рюгердин айтымында, окумуштуулар бир нече жылдан бери санкциялардын таасири жана кесепети боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келген. Жыйынтыгында алар мындай кысымдар эч кимге пайда алып келбесин аныкташкан.
"Алгач санкциялар жарыяланган тарапка бир той көйгөй алып келчүдөй сезиле берет. Бирок жыйынтыгында эки тарап тең, өзгөчө карапайым эл азабын тартат. Бул бийлик өзүн-өзү бутка атып алгандай эле көрүнүш", — деди адис.
24-февралда Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясын баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Буга жооп катары Батыш өлкөлөрү Россияга каршы бир катар жаңы санкцияларды киргизишти, көптөгөн чет элдик компаниялар Россиядагы ишин токтоткон.
Москвага каршы санкциялык басым буга чейин эле АКШ жана Европа үчүн экономикалык көйгөйлөргө айланып, күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баанын олуттуу өсүшүнө алып келген.