https://sputnik.kg/20220614/zhashoogo-bagyttalgan-kondumdorgo-mektepte-basym-zhasalbajt-1065232270.html
Жумадилов: жашоого багытталган көндүмдөргө мектепте басым жасалбайт
Жумадилов: жашоого багытталган көндүмдөргө мектепте басым жасалбайт
Sputnik Кыргызстан
"Салымбеков университети" институтунун президенти Амангелди Жумадилов жашоого багытталган билимдер мектепте, жогорку окуу жайында берилбей жатканын айтты. 14.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-14T12:00+0600
2022-06-14T12:00+0600
2022-06-14T12:00+0600
радио
кыргызстан
бишкек
амангелди жумадилов
жаштар
билим
кесип
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0e/1065232242_0:109:3072:1837_1920x0_80_0_0_70d394104b73f7367e0d7abcf1894e17.jpg
Жумадилов: жашоого багытталган көндүмдөргө мектепте басым жасалбайт
Sputnik Кыргызстан
Жумадилов: жашоого багытталган көндүмдөргө мектепте басым жасалбайт
Азыркы жаштар инсандык өнүгүүгө, IT-технологияларга, тил үйрөнүүгө басым жасашы керек. Бул адамдын жашоодо ордун таап, коомго пайда алып келүүсүнө өбөлгө болот. Бул тууралуу Амангелди Жумадилов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, мектеп бүтүрүүчүлөрү кесип тандоодо күчтүү тараптарын билбей жатышы — маалыматты жеткиликтүү албай, изденбей жаткандыгынын натыйжасы.Ошондой эле адис мектеп бүтүрүүчүлөрү өз потенциалымды толук ача алам деген кесипти тандай алса, ал адамдан сөзсүз ийгиликтүү кадр чыгарына ишенерин кошумчалады.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0e/1065232242_267:0:2998:2048_1920x0_80_0_0_41bd2841d6122fefe4f8afea60718793.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, амангелди жумадилов, жаштар, билим, кесип, аудио
кыргызстан, бишкек, амангелди жумадилов, жаштар, билим, кесип, аудио
Жумадилов: жашоого багытталган көндүмдөргө мектепте басым жасалбайт
"Салымбеков университети" институтунун президенти Амангелди Жумадилов жашоого багытталган билимдер мектепте, жогорку окуу жайында берилбей жатканын айтты.
Азыркы жаштар инсандык өнүгүүгө, IT-технологияларга, тил үйрөнүүгө басым жасашы керек. Бул адамдын жашоодо ордун таап, коомго пайда алып келүүсүнө өбөлгө болот. Бул тууралуу Амангелди Жумадилов
Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мектеп бүтүрүүчүлөрү кесип тандоодо күчтүү тараптарын билбей жатышы — маалыматты жеткиликтүү албай, изденбей жаткандыгынын натыйжасы.
"Адамдын ийгиликке жетүүсүндө жашоого багытталган билимдер маанилүү. Тилекке каршы, баланын жөндөмдөрүн өнүктүрүү мектепте же жогорку окуу жайында берилбей жатат. Коммуникативдик билимдер, каржылык сабаттуулук, ишкерлик жөндөмдөр, эмоционалдык интеллект, критикалык ой жүгүртүү сыяктуу багыттар билим берүүдө кеңири колдонулбай, жаштар турмушта ордун таба албай жатышат. Демек, азыркы жаштар инсандык өнүгүүгө, IT-технологияларга, тил үйрөнүүгө басым жасашы зарыл. Бул адамдын жашоодо ордун таап, коомго пайда алып келүүсүнө өбөлгө болот. Кесип тандоо — абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам. Кээ бирөө коомдогу популярдуу кесиптерден башка да адистиктер бар экенин биле беришпейт. Анткени маалыматтын аздыгы ушундай маселелерди жаратууда. Буга байланыштуу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө арналган "Туура кесип — келечек кепилдиги" деген форум өтүп жатат. Өз тармагынын кесипкөй адистери окуучулар менен жолугуп, кесип рыногундагы акыркы тенденциялар тууралуу айтып беришүүдө", — деди Жумадилов.
Ошондой эле адис мектеп бүтүрүүчүлөрү өз потенциалымды толук ача алам деген кесипти тандай алса, ал адамдан сөзсүз ийгиликтүү кадр чыгарына ишенерин кошумчалады.