https://sputnik.kg/20220612/kyrgyzsandyn-futbol-komandasy-zhendi-surottor-1065147091.html
Жеңиш! Кыргызстан — Мьянма беттешинин кызыктуу учурлары сүрөттө
Жеңиш! Кыргызстан — Мьянма беттешинин кызыктуу учурлары сүрөттө
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы мьянмалык атаандаштарын 2:0 эсебинде утту. 12.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-12T01:20+0600
2022-06-12T01:20+0600
2022-06-15T00:49+0600
кыргызстан
мьянма
футбол
беттеш
турнир
команда
жеңиш
сүрөт
сүрөт түрмөк
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0c/1065145458_0:255:2048:1408_1920x0_80_0_0_598e400ea2bd2c726daabe73a7097b9f.jpg
Эки топту тең биринчи бөлүктө каршылаштын дарбазасына Виктор Майер киргизди. Жеңишке жетүү оңой болбосо да беттеш ийгиликтүү аяктаарынан күмөн болгон эмес.Кыргыз футболчуларын колдоп-коштоого 7 522 күйөрман келгени айтылды.Оюндун кызыктуу учурларын Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүүгө болот.
мьянма
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0c/1065145458_153:127:1984:1500_1920x0_80_0_0_6cc040c17bfda4edc284f180adfff019.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мьянма, футбол, беттеш, турнир, команда, жеңиш, фото, сүрөт, сүрөт түрмөк
кыргызстан, мьянма, футбол, беттеш, турнир, команда, жеңиш, фото, сүрөт, сүрөт түрмөк
Жеңиш! Кыргызстан — Мьянма беттешинин кызыктуу учурлары сүрөттө 01:20 12.06.2022 (Жаңыртылды: 00:49 15.06.2022 )
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы мьянмалык атаандаштарын 2:0 эсебинде утту.
Эки топту тең биринчи бөлүктө каршылаштын дарбазасына Виктор Майер киргизди.
Жеңишке жетүү оңой болбосо да беттеш ийгиликтүү аяктаарынан күмөн болгон эмес.
Кыргыз футболчуларын колдоп-коштоого 7 522 күйөрман келгени айтылды.
Оюндун кызыктуу учурларын Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүүгө болот.
Бул Азия кубогунун квалификациялык экинчи туру болду. F тайпасынын оюндары Бишкекте өтүп жатат
Тандоо турунун алкагында үч оюн өтөт
Күндүн каарманы Виктор Майер болду. Ата мекендик команданын чабуулчусу биринчи бөлүктө эки гол киргизип, эсеп оюндун акырына чейин сакталды
Оюнду көргөнү президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен келди. Бүгүн өлкө башчысын биринчи айым Айгүл Жапарова коштоп келген
Экинчи голго сүйүнүп жаткан Виктор Майер менен жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов
Кыргызстан командасынын күйөрмандары
Оюн талаасында КР командасы үстөмдүк кылып жатты
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Беттештин башкы арбитри индиялык адис болду. Футболчуларга ойноого мүмкүнчүлүк берип, болгону бир сары карта менен чектелди
Беттештин башкы арбитри индиялык адис болду. Футболчуларга ойноого мүмкүнчүлүк берип, болгону бир сары карта менен чектелди
Экинчи тайм деле биринчи бөлүктөн көп айырмаланган жок. Топ негизинен кыргызстандыктарда болду
Гол киргизе турган көп эле мүмкүнчүлүк болду, бирок аны ишке ашыруу кыйынчылык жаратып жатты
Кыргызстандын желеги — фанаттардын негизги атрибуту
© Sputnik / Табылды Кадырбеков Кыргызстан командасынын капитаны Валерий Кичин башы менен узаткан топ дарбазага киргени менен голкиперди түртүп жибергени үчүн эсептелбей калды
Кыргызстан командасынын капитаны Валерий Кичин башы менен узаткан топ дарбазага киргени менен голкиперди түртүп жибергени үчүн эсептелбей калды
Сингапур менен болгон беттеште КР командасы камбэк көрсөттү эле, мында күйөрмандар таза жеңишке күбө болушту
Мьянма футболчуларынын сейрек чабуулунун мизи кайтарылып жатты
Оюн 2:0 эсеби менен жыйынтыкталды
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев Кыргызстандын куржунунда эми алты упай бар. Тажикстан да ушунча упайга ээ. Үчүнчү турда Кыргызстандын командасы Тажикстандын футболчулары менен кез келет. Дал ушул оюнда чындап жеңүүчү аныкталат
Кыргызстандын куржунунда эми алты упай бар. Тажикстан да ушунча упайга ээ. Үчүнчү турда Кыргызстандын командасы Тажикстандын футболчулары менен кез келет. Дал ушул оюнда чындап жеңүүчү аныкталат