00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
От Олимпиады до Игр кочевников: каким будет спортивный год Кыргызстана
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Калктын экономикалык, финансылык сабаттуулугун көтөрүү керек — кадр маселеси качан чечилет?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
10:04
27 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
10:32
26 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
13:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Морт жана кайталангыс дүйнө. Жапаров жаратылышты сактоонун жолдорун айтты

© ФотоМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жазылуу
Өкмөт башчы президенттин жарлыгы менен быйылкыны "Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулугун коргоо жылы" деп жарыяланганын эске салды.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлеринин күнүмдүк, кайратман эмгеги өзгөчө сыйга жана жалпы элдик колдоого татыктуу. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айлана-чөйрөнү коргоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган сөзүндө айтканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ал 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары "2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо тууралуу" резолюцияны бир добуштан кабыл алганын, ал эми Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен быйылкыны "Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулугун коргоо жылы" деп жарыяланганын эске салды.
Жапаров жаратылыш морт жана кайталангыс дүйнө экенин, аны сактап келечек муундарга өткөрүп берүү зарыл экенин белгилеген.
"Биз үчүн коомдо айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу, экологияга багытталган экономиканы түзүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, жаратылыш коруктарын жана парктардын тармагын кеңейтүү, жаратылышты коргоо мыйзамдарын өркүндөтүү абдан маанилүү. "Жашыл Мурас" улуттук кампаниясына активдүү катышуубуз ар бирибиздин жаратылышты сактоого жеке салымыбызды кошууга болгон чоң мүмкүнчүлүгүбүз болуп саналат. Айланага көз чаптырсаңыз, бизди кооз жаратылыш, уникалдуу тоо системалары, көптөгөн дарыялар жана көлдөр курчап тургандыгын көрөсүз. Биз биргелешип урпактарыбыздын бул жаратылыш кооздуктарына күбө болуп, сыймыктануусу үчүн аракетибизди кыла алабыз", — деди өкмөт башчы.
Жапаров айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлери өлкөнүн кайталангыс жаратылышын сактоо үчүн көп иштерди жасап жатканын, анын ичинде токойлорду калыбына келтирүү, абанын, көлмөлөрдүн, топурактын тазалыгына кам көрүү аракеттерин тынымсыз көрүп жатканына токтолду.
"Сиздердин күнүмдүк, кайратман эмгегиңиздер өзгөчө сыйга жана жалпы элдик колдоого татыктуу!" — деди ал.
Өкмөт башчы сөзүнүн соңунда кесип ээлерине бакыт, чың ден соолук, бакубатчылык жана ары татаал, бирок өтө зарыл иште ийгилик каалады.
Чаткал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Тарыхы талкаланып, алтыны чыгарылып жаткан Чаткалдын кейиштүү абалы. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0