Оштон Түркиянын Бодрум, Анталья шаарларына чартердик каттам ачылды

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүАнталья шаары. Архивдик сүрөт
Анталья шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жазылуу
Анталья — Ош — Анталья багыты боюнча каттамдар жумасына эки жолу аткарылат.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ошто Түркиянын Даламан аэропортунан (Бодрум, Мармарис шаарларынан) түз чартердик каттам ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, мындай чертердик каттам биринчи жолу ачылып жатат. Алгачкы каттамды 5-июнь түнкү саат 02:00дө Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаевдин катышуусунда тосуп алышкан.
"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы Оштон Антальяга биринчи чартердик каттам ачылганын билдирген. Анда 184 жүргүнчү Ош шаарынан Антальяга учуп кеткен. Анталья — Ош — Анталья багыты боюнча каттамдар жумасына эки жолу (дүйшөмбү жана жума күндөрү) аткарыла турганы кошумчаланды.
Темир жол вокзалдагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда каттай турчу поезддер. График
Жаңылыктар түрмөгү
0