Ноокатта куралчан кишилер эки адамды атып, ири суммадагы акчасын алып кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиНападение со стрельбой в Ноокатском районе
Нападение со стрельбой в Ноокатском районе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2022
Жазылуу
Белгисиз адамдар тартып алган баштыктын ичинде 450 миң сом болгон.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат шаарында эки адамга ок чыгарып, ири суммадагы акчасын алып кеткендер изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
© Фото / пресс-служба УВД Ошской области

Ош облусунун Ноокат шаарында эки адамга ок чыгарып, ири суммадагы акчасын алып кеткендер изделүүдө.

Ош облусунун Ноокат шаарында эки адамга ок чыгарып, ири суммадагы акчасын алып кеткендер изделүүдө. - Sputnik Кыргызстан
1/2

Ош облусунун Ноокат шаарында эки адамга ок чыгарып, ири суммадагы акчасын алып кеткендер изделүүдө.

© Фото / пресс-служба УВД Ошской области

Окуя бүгүн, 5-июнда, болгон.

Окуя бүгүн, 5-июнда, болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Окуя бүгүн, 5-июнда, болгон.

1/2

Ош облусунун Ноокат шаарында эки адамга ок чыгарып, ири суммадагы акчасын алып кеткендер изделүүдө.

2/2

Окуя бүгүн, 5-июнда, болгон.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 5-июнда, болгон. Эртең мененки саат 9:00дө милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ноокат шаарында белгисиз адамдар эки жаранды атып, качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт РИИБдин электрондук журналына катталып, милициянын ыкчам-тергөө тобу, Ош ОИИБдин начальниги орун басарлары менен окуя болгон жерге барышкан.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, Ноокат шаарынын 30 жаштагы Н. И. аттуу тургуну 5-июнь күнү саат 08:40тар чамасында үйүнөн чыгып, Ноокат районунун борбордук базарына бара жаткан. Колунда бир баштык жана кол сумкасы болгон. Алимбаев көчөсүнө келгенде артынан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаа кууп келип, көчөдө бурулуп жаткан Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Биринчи автоунаадан белгисиз жаран түшүп Н. И. аттуу тургундун колундагы баштыкты алууга аракет кылган. Экөө кармашып жаткан учурда автоунаадан дагы бир адам түшүп баштыктын ээсин бутка аткан. Ошондой эле кагышкан Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусуна да ок чыгарган", — деди Аширбаев.
Кийинчерээк Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаадан түшкөн үч адам Н.И. аттуу кишинин колундагы баштыкты алып, белгисиз тарапка жөө из жашырып кеткени айтылды.
Жаракат алгандар Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, алардын абалы орто.
"Белгисиз адамдар карактап кеткен Н. И. аттуу адамга таандык баштыкта 60 миллион өзбек суму (450 миң сом) болгон. Окуя катталган жерге Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу, эксперт-криминалисттердин катышуусунда кароо жүргүзүлүп, шектүүлөрдү кармоо боюнча тийиштүү ыкчам иштер уланууда", — деди Аширбаев.
Кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча "Чагылган" операциясы киргизилип, өлкө аймагына багыттамалар таркатылган.
Бычак кармаган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2022
Бишкекте чет элдиктин үйүнө кирип карактап кеткен улан-кыздар кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0