Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКол чатыр менен киши жаан учурунда. Архив
Кол чатыр менен киши жаан учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Жазылуу
3-июнга караган түнү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында +21...+26, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +25...+30, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +16...+21 градус жылуу болот.
Борбор калаада, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Күндүн табы Бишкекте +24...+26, Ошто +28...+30, Чолпон-Атада +18...+20 градуска жетет.
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
Күн ачык болобу? Дем алышка карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0