Германия вице-канцлери: Россия нефтисинин эмбаргосу күткөн жыйынтыкты бербейт

© AP Photo / Kay NietfeldГерманиянын климат жана энергетика министри, вице-канцлер Роберт Хабек. Архив
Германиянын климат жана энергетика министри, вице-канцлер Роберт Хабек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жазылуу
Европа мамлекеттери бир айга жакын убакыттан бери РФке салынуучу санкциялардын алтынчы пакетин макулдашып, беките албай келишет.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Германиянын климат жана энергетика министри, вице-канцлер Роберт Хабек Россиядан импорттолчу мунайга АКШ мурдараак салган тыюу күткөн майнапты бербегендигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Эгерде нефтиге салынган тыюу турасында айтсак, бизде ал жакта анча чоң эмес көйгөй бар. Тыюу салуу нравалык жактан, албетте, туура, зарыл. Балким кечирээк Россиядан келген газга жана азык-түлүктөргө да салынат. Бирок АКШ нефтиге эмбарго киргизип, алар дүйнөлүк рынокко сатып, дүйнө рыногунда бааны көтөрдү, андыктан Путин нефтини аз сатып, бирок көп акча таап жатат. Бул, албетте, көйгөй, биз бир жолун табышыбыз керек, болбосо оң колубуз менен жойгон нерсени, тескерисинче, сол колубуз менен кайра түзүп коюп жатабыз. Андыктан мунайга салынган эмбарго биз күтүп, ишенгендей эч кандай деле жыйынтыгын берген жок", — деген Хабек CNN телеканалына берген маегинде.
АКШ март айында россиялык нефтинин, мунай заттарынын, суюлтулган жаратылыш газынын жана көмүрдүн импортуна тыюу салган. Анын артынан эле Улуу Британия 2022-жылдын соңунда Россиянын мунай заттарын албай турганын жар салган.
Кечээ башталган ЕБ мамлекеттеринин башчыларынын Брюсселдеги кезексиз саммити бүгүн да уланат. Алар Россияга карата чектөөлөрдү да талкуулашмакчы. Европа мамлекеттери бир айга жакын убакыттан бери РФке салынуучу санкциялардын алтынчы пакетин макулдашып, беките албай келишет. Анда мунай заттарына жарым-жартылай же толук эмбарго коюу маселеси бар. Бирикменин кээ бир мамлекеттери, тагыраагы, Венгрия мындай чечим өз экономикасына тескери таасирин тийгизет деп чочулап, жогорудагы чечимдин кабыл алынышына блок коюп келет.
Брюсселде Евробиримдиктин штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: ЕБ Россияга санкция сала берип, бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп бүттү
Жаңылыктар түрмөгү
0