Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир АстапковичЖамгыр тамчылары. Архив
Жамгыр тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Жазылуу
31-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Шейшемби күнү көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +20...25, Талас аймагында +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл өрөөнүндө +14...+19, Нарында +12...+17 градус жылуу болот. Борбор калаа менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бишкекте күндүн табы +21...+23, Ошто +24...+26 градус жылуу болот.
ГЭСтин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу ишине Казакстан менен Өзбекстан кошулушу мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0