Өзбекстан менен Кыргызстандын футбол клубдары Ошто мэрдин кубогун талашат

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар беттеш учурунда. Архив
Футболчулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Жазылуу
Өлкөнүн белгилүү эки клубу коңшу мамлекеттин футболчуларына каршы ойнойт.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ош шаарында биринчи жолу футбол боюнча "Мэр кубогу — 2022" эл аралык футбол мелдеши болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, турнир 2-5-июнь күндөрү калаадагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтөт.
Мелдешке Кыргызстандын футболдук клубдары — Оштун "Алай", Кочкор-Атанын "Нефтчи", Ташкенттин "Бунёдкор", Андижандын "Андижан" клубдары катышат.
Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Июнда Бишкекте өтчү футбол оюндары шоу-программа менен коштолот
Жаңылыктар түрмөгү
0