Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинада россиялык "Солнцепек" кандай иштейт? Аскерий мүнөздөмө

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүРоссиянын "Солнцепек" оор огнемёттук тутумдары. Архив
Россиянын Солнцепек оор огнемёттук тутумдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Жазылуу
Украина Куралдуу күчтөрү пайдаланган батыш куралдары россиялык "Солнцепек" оор огнемёттук тутумдарынын соккусунда калды.
Мындай салгылашта НАТОнун ийгиликке жетер дарамети жоктугун белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Көлөмдүү-жардыруучу реактивдүү дүрмөттөр кыйратуучу даражасы боюнча тактикалык өзөктүк ок-дарылардан гана кийин турат. Касташкан тараптын бекем корголгон райондору бир залптык ок менен гана тозоктун отундай басым жана температурадан улам жок болот. Дүйнөдө мындай оор огнемёттук тутум да, андан коргонуу каражаттары да жок.
Жакында эле Донбасста "Солнцепектун" колдонулушун Батышта үрөйлөрү учуп талкуулашууда. Украиналык территорияда кокус Россия менен түз тиреш болуп калса алардын аскердик күчүн Днепрдин батыш тарабында эмне күтөрүн натолук стратегдер жоромолдоодо.
РФтин атайын аскердик операциясы ийгиликтүү уланууда. Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо – НАТОнун чыгышка карай кеңейүү боюнча акылга сыйбаган аракеттеринин айынан жаралган катаал чындык. Ошентсе да РФтин атайын операциясынын ниети Украина Куралдуу күчтөрүнүн жеке курамын жок кылуу эмес, тескерисинче, Россия украиналык аскерлерди куралдарын таштоого чакырып келет. Согуштук аракеттердин жыйынтыгы айкын, нацисттик киевдик режимдин куралдуу каршылык көрсөтүүсү жамааттык Батыштын гана кызыкчылыгында.
Операцияда пайдаланылчу Т-72 танкынын платформасында жасалган "Солнцепек" оор огнемёттук тутумдун (ТОС-1А) 10 чакырымдык аралыктан атылган күчү кадимки артиллериядан алда канча катуу. Бир залптык түзүлүш (24 дүрмөт) төрт чарчы чакырым аянтты жабыркатат. Учу 220 миллиметрлик реактивдүү термобарикалык ок (217 кг) бутасына тийгенде аэрозолдук булут жаратуу менен жарылат. Анын артынан негизги заряд менен көлөмдүү жарылуу болот. Дал чордонунда температура 3000 градус Цельсийге чейин ысып, эбегейсиз басым душман жашырынган жердеги болгон нерсени жок кылат. Сирияда "Солнцепек" жер төлө жана тоолуу райондордо 2015-жылдан бери терроризм менен натыйжалуу күрөшүп келет.
Россиялык армияда мындан эки жыл мурун жүк көтөрүмдүүлүгү, жол тандабастыгы, спутниктик навигация жана радиоэлектрондук күрөш каражаттары менен жабдылган "Урал" автомобилинин базасындагы ТОС-2 "Тосочка" пайда болсо да, уникалдуу аскердик мүнөздөмөлөрүнөн улам "Солнцепек" тутумунун орду бөтөнчө.
ДНРдеги аскерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донбасс күндөлүгү: "фольксштурм"* батышка карай чегинүүдө
РФ Коргоо министрлиги март айында Украина Куралдуу күчтөрүнүн ордун жана аскердик техникасын лейтенант Александр Лебедевдин командачылыгы менен "Солнцепектун" экипажы ийгиликтүү жок кылган.
Оор огнемёттук тутум мариуполдук "Азовсталь" комбинатындагы цех комплексиндеги украиналык нацисттерди багынууга "көндүрдү". Апрель айында ТОС-1А Харьков облусунда украиналык "Град" залптык октун реактивдүү тутумун кыйраткан. Ал эми жакында эле Лиманды куткаруу операциясында "Солнцепек" нацисттер тарабынан таяныч пункттарына жабдылган бир нече имарат таамай жок кылынды. Менимче, жакын арада "Солнцепектун" күчү менен Славян-Краматорскидеги бекемделген райондогу украиналык аскерлер тобу жакындан таанышса керек.
"Солнцепектун" автономдук тутуму бир аскердик, эки транспорттук-кубаттоочу машинадан (бул да Т-72 платформасында), ок-дарысы 72 реактивдүү дүрмөттөн турат. Бутасын лазердик узактыкты өлчөгүч жана баллистикалык эсептегич аркылуу мээлейт. Токтогон соң ок чыгарууга даярдык убактысы – 90 секунда. Бир толук залптын узактыгы (24 дүрмөт) – болгону 6–12 секунда (бирден жана кош атууга да болот). Зооттолгон "Солнцепек" ачык да, жабык да жерден аракет эте алат. Өзүн-өзү калкалай алчу бульдозердик түзүлүш менен жабдылган.
Түтүн гранаталарын атуучу түзүлүшү, ысык түтүн чыгаруучу аппаратурасы 400 метрге чейинки аралыктан тыгыз чүмбөт жаратууну шарттай алат. Жапырт жабыркатуучу куралдан коргоо тутуму кабинанын герметизациясы менен экипажды (үч киши) ынанымдуу коргой алат.
Аба атайын бөлүгүндө чаң жана радиоактивдүү заттардан тазаланып, башкача айтканда, "Солнцепек" өзөктүк соккунун чордонунан да өтүп, экипаждын саламаттыгына залал келтирбестен милдетин аткарууга жөндөмдүү.
Аскердик машинанын салмагы – 44 тонна. Максималдык ылдамдыгы – саатына 65 чакырым, шосседе жүрүш запасы – 550 км.
ТОС-1А Рособоронэкспорт тарабынан чет өлкөлүк буюртмачыларды жабдыган куралдардын мыкты үлгүлөрүнүн бештигине кирет. Постсоветтик мейкиндикте "Солнцепек" Армени, Азербайжан жана Казакстанда бар. Ыраак чет өлкөлөрдөн Алжир, Сауд Арабиясы жана Ирак бул тутум менен куралданган. Эске салсак, Ирак армиясы ТОС-1Аны Тикрит, Эль-Фаллужа жана Мосул шаарларына жакын жерлердеги ИМ (Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган) террордук уюмунун согушкерлерин жок кылууга пайдаланган. Оор огнемёттук тутумдардын чет жердеги тажрыйбасы ийгиликтүү деп таанылган. Америкалык 19FortyFive эксперттик порталы ТОС-1А "Солнцепектун" чалгындоочу учкучсуздар менен интеграциялоодо майнаптуу жана таамайлыгын белгилейт. The National Interest россиялык тутумдун жасалма интеллектинен мындайча: "Гениалдуу путиндик ракеталык түзүлүш буталарын өз алдынча жок кыла алат" - деп кеп кылган.
"Солнцепек" тутумун көчүрүүгө Германия, АКШ, Түштүк Африка Республикасы жана Түштүк Корея аракет кылган. Натыйжада көлөмдүү-жардыруучу ракеталык куралы бар авиациялык ракеталарга токтолушкан. Термабарикалык "Жара" огнемёттук тутумун иштеп чыгуу боюнча украиналыктардын аракетинен да майнап чыккан эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram-каналына жазылыңыздар.
Бутаны талкалады. Циркон ракетасынын коё берилген видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Бутаны талкалады. "Циркон" ракетасынын коё берилген видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0