Инспекторлор менен жулкулдашкан кыздардын видеосу. Милиция чоо-жайын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Жазылуу
Кыздарды Октябрь РИИБге алып барып, ар бирине 1000 сомдон айып салып, андан соң үйүнө коё беришкен.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкек Кайгуул милициясы инспекторлор менен жулкулдашып жаткан кыздардын окуясы боюнча өз версиясын билдирди.
Кечээ социалдык тармактарда кайгуулчулар кыздарга кол салып жатат деген таризде видео тараган. Ал эми бүгүн башка ракурстан тартылган кадр жарыяланып, Кайгуул милиция буга түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, Чыңгыз Айтматов жана Апсамат Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак өчүп, инспекторлор унаа кыймылын жөнгө салып жаткан.
"Көчөдө кайырчылык менен алек болгон кыздар жолдун ортосуна туруп алып автоунааларга тоскоолдук жаратышкан. Жадагалса айдоочулар да жолду кайырчылардан тазалоону өтүнүшкөн. Кайгуул кызматкерлери кыздарга түшүндүрүп, жолдон чыгарууга аракет кылган. Бирок алар мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, кызматкерлерди чаап, тээп да жиберишкен. Инспекторлор кыз бала экендигин эске алып эч кандай күч колдонбостон баарын Октябрь РИИБине жеткиришкен", — деп билдирди Кайгуул милиция.
Андан соң кыздардын ар бирине 1000 сомдон айып салып, үйүнө коё беришкен.
Ошондой эле жаш кыздарды кайырчы кылып көчөгө чыгарып, акча чогултууга мажбур кылгандар текшерилери айтылды. Өз кезегинде кыздар каражатты кайрымдуулукка чогултуп жатканын билдиришкен.
Милиционер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Ошто мас болуп чыр салган милиционер кармалып, кызматынан алынды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0