Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Акимжанова: Кыргызстан ЕАЭБ рыногуна органикалык азык менен кириши керек

© Sputnik / Асель СыдыковаИшкер, "Бай Элим Компани" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана директору Рысгүл Акимжанова
Ишкер, Бай Элим Компани ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана директору Рысгүл Акимжанова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Жазылуу
Ишкер, "Бай Элим Компани" ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана директору Рысгүл Акимжанова Кыргызстан товар өндүрүүдө класстердик багытта иш алып барышы керектигин айтты.
Дүйнөдөгү абалга жараша саясий, экономикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Логистикалык чынжырча бузулуп, товарлардын кымбаттап, валюта курсу олку-солку болууда. Акыркы убактагы валюталык туруксуздук банктардын интервенциясына байланыштуу болгону менен чыныгы товардык баа валютанын курсуна көз каранды болбой калды. Акчанын курсу түшүп, көтөрүлсө дагы товардык баа жогору бойдон калып жатканына күбөбүз. Андыктан доллардын курсу түшсө дагы баалар арзандайт деген кепилдик жок. Бул тууралуу Рысгүл Акимжанова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Акимжанова: Кыргызстан ЕАЭБ рыногуна органикалык азык менен кириши керек
Анын айтымында, Кыргызстандын ЕАЭБде жеңил өнөр жай жана айыл чарба боюнча потенциалы чоң.
"Россияга Батыш катуу санкцияларды киргизгендиктен чет элдик ишкерлер ал аймактан чыгып кетти. Рыноктун боштугун кыргыз тарап колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашы керек. Кыргызстандык ишкерлер колунда бар продукциясы менен рынокко кире алат. Бирок бизде Россиядан чыгып кеткен компаниялардын ордун баса ала тургандай өнүм барбы? Эгемендүүлүктүн 30 жылында мамлекет ишкерлердин ишмердүүлүгүнө кийлигишип, ага жардам берип, алдыга сүрөй алган жок. Бул жаатта мамлекеттик программа да жок. Ушул кезге чейин ишкерлер өзүнүн көйгөйүн өзү чечип, өз арабасын өзү тартып, сырткы рынокко чыгып келген. Борбор Азияны ала турган болсок, жеңил өнөр жай тармагы боюнча биз Өзбекстандан көлөм жагынан уттурабыз. Анын үстүнө бизде сырьё жок. Жалгыз гана бизди кармап турган нерсе — бул сапат. Андыктан мындан ары да товардын сапаттуулугун арттыра беришибиз керек. Ошондой эле чачыранды болбой товар өндүрүүдө класстердик багытта иш алып барып, бара-бара көлөмдү көбөйтүү зарыл. Кыргызстан жеңил өнөр жайы жана айыл чарба тармактары боюнча потенциалы чоң. Бирок, белгилеп өткөндөй, эки тармакта тең коңшу өлкөлөрдөн көлөм жагынан артта калуудабыз. Ошондуктан биз өзгөчөлөнүп органикалык азык-түлүктү өндүрүүнү колго алсак, беш жылдын ичинде Россия гана эмес, Европа, Кытай, Түштүк Азиянын рыногу ачылат", — деди Акимжанова.
Ал Кыргызстан креативдүү экономиканы колго алып, IT-хаб ачып, жаштарды ушул жаатта окутуу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0