Быйыл Кыргызстан Казакстанда маданият күндөрүн өткөрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Жазылуу
26-майда министр Азамат Жаманкулов Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев менен жолуккан.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Быйыл Кыргызстан Казакстанда маданият күндөрүн өткөрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, 26-майда министр Азамат Жаманкулов Казакстандын маданият жана спорт министри Даурен Абаев менен жолуккан.
Анда министрлер кыргыз-казак элинин ортосундагы маданий алакалар, мындан ары кызматташуунун жаңы багыттары тууралуу пикир алмашты. Жаманкулов 2021-жылы Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, быйыл ушундай эле иш-чараны Кыргызстан коңшу мамлекетте өткөрүү үчүн камданып жатканын, ага мыкты маданий программа менен барышарын кошумчалаган.
Сүйлөшүүлөрдүн алкагында 2022-жылы Манастын, ал эми 2023-жылы кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата айкелин Казакстандын Нур-Султан шаарына орнотуу боюнча маселелер талкууланганы айтылды.
Кыргызстан менен Казакстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев Бишкек шаарында казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкелин биргеликте ачты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Бишкекте казак акыны Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0