Ишембиге карата аба ырайы

© Фото / Pexels / Sami AnasЖамгырлуу аба ырайы. Иллюстративдик сүрөт
Жамгырлуу аба ырайы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Жазылуу
28-майда республикада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ишембиде туруксуз аба ырайы, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +15…+20, Талас чөлкөмүндө +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +17…+22, Нарын өрөөнүндө +12…+17 градус болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында +17…+19, Ош калаасында +20…+22 градусту көрсөтөт.
Төө-Ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Жаан, кар жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0