Россия жана Кытай АКШнын Түндүк Корея санкциялары боюнча долбооруна вето койду

© AP Photo / Mark SchiefelbeinРоссиянын жана Кытайдын желектери. Архив
Россиянын жана Кытайдын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Жазылуу
Резолюцияны иштеп чыккандар түндүк кореялык Lazarus Group киберструктурасынын жана Korea Namgang Trading Corporation менен Haegumgang Trading Corporation компанияларынын активдерин тоңдуруп коюуга чакырган.
БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россия менен Кытай Бириккен Улуттар Уюмунда АКШнын Түндүк Кореяга карата санкцияларын бекемдөө боюнча резолюциясынын долбооруна вето койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документти кабыл алуу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин 13 мүчө мамлекети добуш берген.
Резолюцияда Коопсуздук кеңеши 24-мартта Кореянын континент аралык баллистикалык ракеталарды учурушун жана жакында эле дагы эки ракетаны сынагандыгын кескин айыптаган.
Долбоордо 2017-жылдагы резолюциянын текстине шилтеме берилген. Анда эгерде Түндүк Корея өзөктүк жаңы сыноо жасап, баллистикалык ракета учуруп, анын дүрмөтү континенталдык аралыкка жетсе же мындай куралды иштеп чыгууга көмөкчү болсо Коопсуздук кеңеши аталган мамлекетке нефть экспорттоону чектей тургандыгын айткан.
АКШ Пхеньянга берилип жаткан чийки нефтинин көлөмүн азайтууну сунуштаган. Эгерде буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга жылына төрт миллион баррель же 525 тонна чийки нефть берүүгө уруксат берип келсе, сунушталган долбоордо аны үч миллион баррелге азайтуу айтылган.
Коопсуздук кеңеши мурдараак Түндүк Кореяга жылына 500 миң баррелге чейин кайра иштете турган мунай азыктарын (дизель жана керосин) берсе, бул документте аны 375 миң баррелге түшүрүү белгиленген.
Текстте, андан сырткары, БУУга мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн Түндүк Кореяга түз же кыйыр түрдө тамеки, тагыраагы, чылым боюнча товарларды берүүнү, сатууну токтотушу керектиги айтылат. Долбоордо аталган мамлекеттен маалыматтык-коммуникациялык технологияларга байланышкан кызматтарды сатып алуу же башкалардын алуусуна көмөктөшүүсүнө тыюу салган.
Мындан сырткары, Аскер өнөр жай департаментинин өкүлү Ким Су Илдин активдерин тоңдуруп жана анын сапарларына тыюу салуу сунушталган. Авторлор "ал Вьетнамда туруп Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарын иштеп чыгууга көзөмөл кылат" дешти.
Резолюцияны иштеп чыккандар түндүк кореялык Lazarus Group киберструктурасынын жана Korea Namgang Trading Corporation менен Haegumgang Trading Corporation компанияларынын активдерин тоңдуруп коюуга чакырган.
Баллистикалык ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Түндүк Корея үч ракета учуруп, Токио нааразылыгын билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0