https://sputnik.kg/20220526/rossiya-sankciya-kysym-overchuk-1064718105.html
Вице-премьер Россия санкциялык кысымга кантип туруштук берип жатканын айтты
Вице-премьер Россия санкциялык кысымга кантип туруштук берип жатканын айтты
Sputnik Кыргызстан
Оверчук өлкөдө рубль бекемделип, инфляциянын темпи төмөндөгөнүнө токтолгон. 26.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-26T16:26+0600
2022-05-26T16:26+0600
2022-05-26T16:27+0600
евразия экономикалык форуму
кыргызстан
россия
форум
экономика
алексей оверчук
https://sputnik.kg/img/07e6/05/1a/1064710695_0:0:3057:1719_1920x0_80_0_0_4dd2640b4fa961caa7edbb02fdb7f4c2.jpg.webp
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын валюта жана финансы рыногунда кырдаал турукташып калды. Бул тууралуу РФтин вице-премьери Алексей Оверчук билдирди.Ал Евразиялык экономикалык форумдагы тематикалык сессияда сөз сүйлөгөн.Оверчук рубль бекемделгенин белгилеп, инфляциянын темпи төмөндөп, дефляциянын элементи пайда болгонун белгилеген. Анын айтымында, мында Россиянын банкы менен өкмөттүн чаралары чечүүчү ролду ойноду.Өлкөдө бизнестин иши болушунча жөнөкөйлөштүрүп, текшерүүгө мораторий киргизилген. Бизнести кошумча каражаттан бошотуу үчүн салык боюнча бир катар чечим кабыл алынганы белгиленди.Ал эмгек рыногундагы кырдаал айрым тармактарды колдоо боюнча кабыл алынган чечимдерге байланыштуу туруктуу болуп калганын кошумчалаган."Иштеп чыкчу чаралар менен чечимдер ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиясына байланышкан болушу керек. Дүйнөдө энергетикалык ресурстарга байланыштуу көйгөйлөр жаралып, баанын өсүп жатканын көрүп жатабыз. Батышта болсо дефицит жаралууда. Аны эч ким күткөн эмес. Биз баарыбыз айыл чарба продукцияларын чыгарган негизги өндүрүүчүбүз. Бул артыкчылык болуп саналат", — деди Оверчук.Ал көз карандысыз төлөм мейкиндигин түзүү керектигине токтолгон. Анткени бүгүнкү күндө доллар дагы, евро дагы ишеничтүү валюта болуп саналбайт.Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.
https://sputnik.kg/20220526/eaehb-biznes-uluttuk-valyuta-ehsepteshuu-1064715301.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/1a/1064710695_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_0360db570f0e63bdde0077ac38c4f242.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, форум, экономика, алексей оверчук
кыргызстан, россия, форум, экономика, алексей оверчук
Вице-премьер Россия санкциялык кысымга кантип туруштук берип жатканын айтты
16:26 26.05.2022 (Жаңыртылды: 16:27 26.05.2022) Оверчук өлкөдө рубль бекемделип, инфляциянын темпи төмөндөгөнүнө токтолгон.
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россиянын валюта жана финансы рыногунда кырдаал турукташып калды. Бул тууралуу РФтин вице-премьери Алексей Оверчук билдирди.
Ал Евразиялык экономикалык форумдагы тематикалык сессияда сөз сүйлөгөн.
Оверчук рубль бекемделгенин белгилеп, инфляциянын темпи төмөндөп, дефляциянын элементи пайда болгонун белгилеген. Анын айтымында, мында Россиянын банкы менен өкмөттүн чаралары чечүүчү ролду ойноду.
Өлкөдө бизнестин иши болушунча жөнөкөйлөштүрүп, текшерүүгө мораторий киргизилген. Бизнести кошумча каражаттан бошотуу үчүн салык боюнча бир катар чечим кабыл алынганы белгиленди.
"Бүгүнкү күнү 1 300 товарды маанилүү пошлиналардан бошоттук. Бул биздин импорттун 15 пайызы. Пошлинасы жок ташып келүү босогосун 200 евродон 1 000 еврого чейин көтөрдүк, продукциянын коопсуздугун декларациялоо режимин жана азык-түлүктү өткөрүү жол-жобосун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрдүк", — деди Оверчук.
Ал эмгек рыногундагы кырдаал айрым тармактарды колдоо боюнча кабыл алынган чечимдерге байланыштуу туруктуу болуп калганын кошумчалаган.
"Иштеп чыкчу чаралар менен чечимдер ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиясына байланышкан болушу керек. Дүйнөдө энергетикалык ресурстарга байланыштуу көйгөйлөр жаралып, баанын өсүп жатканын көрүп жатабыз. Батышта болсо дефицит жаралууда. Аны эч ким күткөн эмес. Биз баарыбыз айыл чарба продукцияларын чыгарган негизги өндүрүүчүбүз. Бул артыкчылык болуп саналат", — деди Оверчук.
Ал көз карандысыз төлөм мейкиндигин түзүү керектигине токтолгон. Анткени бүгүнкү күндө доллар дагы, евро дагы ишеничтүү валюта болуп саналбайт.
Бүгүн, 26-майда, Бишкекте I Евразиялык экономикалык форум өтүп жатат. Ага 15 мамлекеттен 2,5 миңге чукул киши келгени айтылды. Форумдун алкагында 30дан ашык иш-чара өтөрү күтүлүүдө.
Евразиялык аянтчада өнөр жай, электрондук соода, энергетика жана транспорт тармагы, бизнес менен туризмдин келечеги боюнча алты панелдик талкуу өтүп жатат.
Аталган форумга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Sputnik Кыргызстан — Евразиялык экономикалык форумдун эл аралык медиа өнөктөшү.