УКМК: баңгизат менен алектенген эл аралык топтун ишине бөгөт коюлду

© Sputnik / Табылды КадырбековАтайын кызматтын аскерлери машыгуу учурунда. Архив
Атайын кызматтын аскерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2022
Жазылуу
УКМКдан бул эл аралык кылмыштуу топтун ишин токтотуу үчүн атайын операция узак убакыт даярдалгандыгын айтышты.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Тажикстан — Кыргызстан — Казакстан — Россия каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө апийим ташуу менен алектенген эл аралык топ аныкталып, ишине бөгөт коюлду. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Аталган операция узак убакыт бою дардалган.
"2022-жылдын 25-майында Лейлек районунун Арка айылындагы чек ара тилкесинде комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөлөрдүн биринин Х.Т.У. аттуу жараны жалпы салмагы 8 килограмм 350 грамм апийим менен колго түштү. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмышка шектүү делген жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп билдиришти аталган комитеттен.
Учурда бул кылмыштын башка дагы катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылды.
УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте баңгизат колдонууга жана сатууга шектелген Коргоо министрлигинин аскерлерин кармады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2022
Аскер кызматкерлери баңгизат сатууга шектелип кармалды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0